Жеңиш күнүнө карата Башкы штаб ардагерлерге беш миң сомдон ыйгарат

Жазылуу
Ардагерлер 9-май күнү Бишкекте өтө турган иш-чарага чакыруу алышты.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы менен Коргоо комитети Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Бишкектен куттукташат. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өчпөс полк жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуу Жеңиш күнүнө карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын планы
Аскерий ведомстволордун жетекчилери 3-май күнү 14 ардагердин үйүнө барып куттукташкан. Аскер кызматкерлери аксакалдарга алардын жасаган эрдиги үчүн ыраазычылык билдирип, ар бирине беш миң сомдон ыйгарган. Ошондой эле 9-майда боло турган иш-чарага чакыруу беришкен.

Башкы штаб 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерет. Иш-чара Жеңиш аянтында өтөт. Анда ардагерлер үчүн палаткалар тигилип, аскерлердин тамагы жана жүз грамм ичимдик берилет. Ошондой эле аскер техникаларынын экспозициясы уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0