Халифат курам деген хизбутчу үч жылга кесилди

Жазылуу
УКМКнын билдиришинче 2016-жылы 28-сентябрда ИИМ менен биргеликте терроризм жана экстремизмди алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттин жыйынтыгында, Каракол шаарынан "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалган.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү үч жылга кесилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Артын карап отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияга жөнөгөн балалуу аял орто жолдон Кыргызстанга кайтарылды
Маалыматка ылайык, 27-апрелде Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы 43 жаштагы тургунду КР Кылмыш жаза кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүгү (экстремисттик маанайдагы материалдарды даярдоо, жайылтуу жана террордук уюмдун атрибуттарын билип туруп колдонуу) менен күнөөлүү деп табылган.

УКМКнын билдиришинче 2016-жылы 28-сентябрда ИИМ менен биргеликте терроризм жана экстремизмди алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттин жыйынтыгында, Каракол шаарынан "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалган. Ал шаар тургундары арасында үгүт иштерин жүргүзүп, "Халифат" куруунун идеяларын жайылтып жүргөн. Тинтүү учурунда анын жашаган жеринен DVD-дисктер, экстремисттик адабияттар, журналдар табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0