Ысык-Көлдө "Сакура" багы ачылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБотанический сад в Калининграде
Ботанический сад в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сакура багы кыргыз-япон мамилелеринин символу болуп калмакчы.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун "Тамга" санаторийинин аймагында "Сакура" багынын ачылышы болгонун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишкерлер жана Япониядан келген коноктор катышкан.

"Сакура багы" Япониянын Кыргызстандагы консулу, Куралдуу күчтөр штабы жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосу астында ачылды", — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көлдүн тоолоруна орнотулган камерага улар түшүп калды - Sputnik Кыргызстан
Улар үнүн уккан барбы? Ысык-Көлдүн тоолорундагы камерага улар түшүп калды
Ачылыш аземдин алкагында иш-чаранын катышуучулары сакуранын көчөттөрүн отургузушкан.

Белгилей кетсек, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин "Тамга" санаторийин курууга япониялык аскер туткундары катышкан. 125 туткун Ысык-Көлдө эки жыл кармалып, бири дагы каза тапкан эмес. Алар 1948-жылы мекенине аман-эсен кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0