Окумуштуулар: адамдардын сөгүнүп калганына Туретта күнөөлүү

© Sputnik / С. Соловьев / Медиабанкка өтүүМодель нуклеиновой кислоты
Модель нуклеиновой кислоты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Туретта али изилдене элек нерв системасындагы оору жана тукум кууй тургандыгы айтылып келген.

БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Киши эмне үчүн сөгүнө турганын окумуштуулар аныктап чыгып, ал нерв системаларынын жабыркашынан улам болорун айтышты. Бул туурасында РИА Новости Neuron журналына таянып кабарлады. 

Сан-Францискодогу Калифорния университетинин илимпоздору бул Туретта деп аталган синдромго байланыштуу экендигин, андай учурда киши кыйкырып, сөгүнүп баштаарын айтышты.

Буга чейин Туретта али изилдене элек нерв системасындагы оору экенин, анын тукум кууй тургандыгы айтылып келген. Изилдөөдө бул илдет менен жабыркагандар интеллекти жактан башкалардан өзгөчөлөнбөсө да мезгил-мезгили менен сөгүнүп-сагынып, ал тургай кызыктай үн чыгарып турары баяндалган.

Террариум для скорпиона. - Sputnik Кыргызстан
Кубалык фермер оорусун чаяндын уусу менен айыктырат
Туретта көп жыл бою сейрек кездешкен оору деп эсептелип келсе, кийинки генетикалык изилдөөлөр илдет ар бир жүзүнчү балада, миңинчи чоң кишиде кездеше турганы анык болгон. Журнал илим өкүлдөрү оорунун кантип пайда болгонун жана аны кантип дарылоо керектигин көп жыл издегенин жазды.

Окумуштуулар бир топ жыл кеткен изилдөөнүн жыйынтыгы менен ДНКда жабырланган төрт учуруна көңүл бурган.

Адамдын эс-тутумунун иштешине, түйүлдүктүн мээсинин өнүгүшүнө жана нейрондордун "өз ара байланышына" жооп берген — WWC1, CELSR3, NIPBL жана FN1 деп аталган гендер болуп чыккан. Журнал буларды изилдеп, үйрөнүп чыгуу оорунун табиятын аныктап жана медицина кызматкерлерине дарыларды жана дарылоонун жолдорун табууга жардам берет деп жазат.

Жаңылыктар түрмөгү
0