МАГАТЭде иштеген Тоялиева: кылчайсам, өмүр өтүп жатыптыр... мен кыялыма кайтып келдим

© Sputnik / Табылды КадырбековБУУга караштуу МАГАТЭде (атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) эмгектенген, дизайнер Гульнур Тоялиева маек учурунда
БУУга караштуу МАГАТЭде (атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) эмгектенген, дизайнер Гульнур Тоялиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
40 жаштагы Гульнур Тоялиева 18 жылдан бери Европада жашап, БУУга караштуу МАГАТЭде (атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) эмгектенет. Дизайнер катары Бишкектеги "GULNUR Fashion" мода үйүн да жетектейт.

Жалал-Абаддан чыккан жөнөкөй кыргыз кызынын ийгилиги тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова бетме-бет отуруп угуп алды.

— Гүлнур айым, алгач өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

Вена шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Венада жашаган Айсулуу: тойдо устукан тартсак австриялыктар таң калды
— Жалал-Абаддын Ноокен районунда төрөлүп, өскөм. Роза Отунбаева кумирим болгондуктан дипломат болууну самачумун. Бирок атам каза болуп калып, апам бизге жакыныраак бол деп Жалал-Абад университетинин чет тил бөлүмүнө тапшырткан. Үйдөгүлөргө жардам берем деп төрт жылда  инновациялык жети фирмада котормочу болуп иштедим. Анан чет тилимди тереңдетүүнү самап, Швейцарияга кеткем. Чет мамлекетте жүргөнүмө 18 жылдын жүзү болуп калды. Башында Швейцарияда, кийин Австрияда жашадым. Тогуз жылдан бери БУУга караштуу МАГАТЭде Кыргызстанга байланыштуу долбоорлор боюнча иш алып барам. Штаб-квартирасы Венада жайгашкан. Бирок жан дүйнөм чыгармачылыкка жакын болгондуктан 2011-жылы мода дүйнөсүн да чогуу алып кетүүнү туура көрдүм.

— Мен сизди дизайнер катары жакшы тааныйм. МАГАТЭде эмне иш кыласыз?

— МАГАТЭ бул — атом энергиясынын эл аралык агенттиги. Көп долбоорлор радиология менен байланыштуу. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бейтапканаларына аппарат, түрдүү орнотмолорду жөнөтүп, аларды дарыгерлерге колдонууну үйрөтөбүз. Кыргызстандыктардын уран көйгөйү боюнча иштейбиз.

© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнер Гульнур Тоялиева: МАГАТЭде иштеп жүргөндө эле италиялык мода академиясында окуп жүрчүмүн. Учурда кийимдер Австриядагы ательеден тигилип, башка мамлекеттерге жөнөтүлөт. Келечекте өзүбүздө дагы тиктиребиз деген ойлор бар
Кыргызстанка работающая в МАГАТЭ, дизайнер Гульнур Тоялиева - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Гульнур Тоялиева: МАГАТЭде иштеп жүргөндө эле италиялык мода академиясында окуп жүрчүмүн. Учурда кийимдер Австриядагы ательеден тигилип, башка мамлекеттерге жөнөтүлөт. Келечекте өзүбүздө дагы тиктиребиз деген ойлор бар

— Эки жумушту бирге алып кетүү кыйынчылык жаратпайбы?

— МАГАТЭде кадимкидей 7-8 саат иштейм. Былтыр атайын 8 ай эмгек өргүүсүнө чыгып Кыргызстанга келип команда топтоп, мода үйүн ачтык. Баштаган иш уланып кеткиче ай сайын келип турдум. Эки жумушка бирдей жетишкенимдин себеби кол алдымдагы кыздарга ишенем. Кийимдерибиз Бишкекте, Ошто эле эмес, Санкт-Петербургдагы, Венадагы бутиктерге коюлган. Жакынкы күндөрү Алматыга да жиберүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда өлкөмө келгенимдин себеби — улуттук "Most fashionable Award" сыйлыгынын лауреаты наамына татыдык.

— Бизде мода үйүн жетектегендер жана дизайнерлер деген түшүнүк бар. Кийимдерди чыгаруу идеясына өзүңүз да кийлигишесизби?

— Кийимдерди сатуу жагынан тышкаркы нерсенин баарын өзүм көзөмөлдөйм. МАГАТЭде иштеп жүргөндө эле италиялык мода академиясында окуп жүрчүмүн. Учурда кийимдер Австриядагы ательеден тигилип, башка мамлекеттерге жөнөтүлөт. Келечекте өзүбүздө дагы тиктиребиз деген ойлор бар. Башында кыргызстандыктар үчүн кийимдер кымбат болуп жаткан. Буюрса, бааларын түшүрүп, бирок сапатын ошол боюнча калтырууга аракет кылып жатабыз.

— Сиздер кандай стилдеги кийимдерге басым жасайсыздар?

Бириккен Араб Эмирлигинин FlyDubai компаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Дубайда стюардесса болуп иштеген Наргиза: азыр жашоомду учаксыз элестете албайм
— Менин көйнөктөрүм элегант стилине кирет. Аларга өтө ашыкча кооздуктарды түшүрбөйм. Кыргыз орнаментин кошо турган болсом, ал бир гана жерде болот. Башкача айтканда, биздикин кыргыз-австрия бренди деп койсо болот. Европада жашап, анан кыргыз болгонум үчүн эки жакты жуурулуштурууга аракет кылдым. Европада элеганттуу жана ачык түстөгү көйнөктөрдү көп кие беришпейт. Биздикилердин деле табияты өзгөрүп жатат. Азыр күнүмдүккө кийиле турчу көйнөктөр жокпу деп сурап калышат. Кийимдер 44-56 размерге чейин бар. Азырынча кийимдер бир гана аялзаты үчүн тигилет. Кездемелерди интернеттен карап ар кайсы мамлекеттен алам.

— Чыгармачыл адамдар концерт бериш керек эле деп кейисе, дизайнерлер мода көргөзмөсүн өткөрүшүм керек деп айтып калышат. Бул ушунчалык чоң даярдыкты талап кылабы?

— Көргөзмөнүн өзү эле чоң долбоор. Австриядан" ачылыштарга коллекцияларыңды көрсөтүп койбойсуңбу" деп сурангандар бар. Мода көргөзмөгө кеминде бир ай даярданыш керек. Чет өлкөдө жашап немис болуп калыптырмын. Стилистке да ишенбей баарын жеке көзөмөлдөгөндү жактырам. Фотограф менен да бир сыйра кармашам. Столдун үстүнө коюлган стакандан тарта, иштин майда-чүйдөсүнө чейин кийлигишем. Кээ бир моделдер катыштырбайсың деп таарынат. Мода көргөзмө меники болуп жаткандан кийин мен каалагандай болушу керек деп ойлойм. Ал элдин эсинде өмүр бою калат. Австриялыктар менен жакшы түшүнүшүп алганбыз. Былтыр бизге Вена балына 120 көйнөккө буйрутма беришкен. Албетте, кубаныч менен кабыл алдык. Биздин эмгектерди каалагандар социалдык тармактардан көрсө болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнер Гульнур Тоялиева: Вена шаары дүйнө жүзүндөгү маданияттын очогу болуп саналгандыктан, элдин өнөргө болгон мамилесин сыйлайм. Бирок чет жакта жашаганым менен жүрөгүм Кыргызстанда
Кыргызстанка работающая в МАГАТЭ, дизайнер Гульнур Тоялиева - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Гульнур Тоялиева: Вена шаары дүйнө жүзүндөгү маданияттын очогу болуп саналгандыктан, элдин өнөргө болгон мамилесин сыйлайм. Бирок чет жакта жашаганым менен жүрөгүм Кыргызстанда

— Түшүнүктүү. Австрияда жашоо кандай анан?

— Жашоого абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Туруктуулук, тынчтык, климаты жагат. Вена шаары дүйнө жүзүндөгү маданияттын очогу болуп саналгандыктан, элдин өнөргө болгон мамилесин сыйлайм. Бирок чет жакта жашаганым менен жүрөгүм Кыргызстанда.

— Айлык акы да жакшы төлөнсө керек?

— МАГАТЭ — Австрия боюнча абройлуу уюм. Керек болсо БУУнун өзүнөн дагы жакшы төлөнөт. Ошол себептен тиешелүү каражат топтоп мода үйүмө салым кошо алдым деп ойлойм. Студент кезде котормочу болуп иштеген компаниялар аркылуу кийин МАГАТЭге жумушка орношууга рекомендация алдым. Венада жашагандар өздөрү кире албай жүрүшөт. Анан менден "сен кантип иштеп калдың?" деп сурагандан тажашпайт.

—Учурда канча тилди өздөштүрүүгө жетиштиңиз?

Бир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеген Акылбек Айдаралиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Microsoft компаниясында иштеген Акылбек: баалуу адис жыйынтык көрсөтөт
— Орус, немис, англис, француз тилдеринде сүйлөйм. Орус бала бакчага барып, кыргыз мектепке киргем. Үйдөгү жети бир тууганымдын жарымы кыргыз, жарымы орус мектепке барчу. Апам орус, атам кыргыз мектепте окуган. Башкача айтканда, үйдө тил салмактуулугу сакталчу. Мен швед мырзага турмушка чыгып Швейцарияда жашачумун. Бирок кийин ажырашып кетип, иш менен Австрияга келип, уулумду жалгыз тарбияладым.

Европада балдар расмий түрдө үч тилде сүйлөшү керек. Анан сырттан келгендердин балдары кантип тил үйрөнүшөт деп көпкө ойлондум, издендим. Бирок эч кандай маалымат таба алган жокмун. Ошол убакта бир профессор менен пикир алышып калсам идеямды колдоп, мындай темаларды жазыш керек деп мотивация берди. Доктордук ишимди немис тилинде "Жалгыз бой аялдардын баласына көп тилди үйрөтүүсү" деген темада жазгам. Баланы өзүң чоңойтсоң башкача бир принциптер керек экен. Мен ошолордун баарын иштеп чыктым. БУУда жүргөндө француз тили курсуна барып жүрдүм. Французчаны билсең италия тилин деле үйрөнүп кете аласың.

— Мүмкүн тил үйрөнүү боюнча кеңеш айта кетээрсиз?

— Тил үйрөнүш үчүн ошол өлкөдө жашаш керек экен. Кыргызстанда жүргөндө немис тилин баш көтөрбөй окуганым менен иш жүзүндө алып кете алган жокмун. Азыр Бишкекте англис тил курстарына баргандар көп. Бирок 1-2 ай англис тилдүү өлкөдө жашап келсе жакшы эле жыйынтыктарга жетишкидей.

© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнер Гульнур Тоялиева: күзүндө Австрияда күз-кыш кийимдери боюнча өткөрүлө турчу мода жумалыгына даярданып жатабыз. Келечекте салымдын баарын мода үйүнө жумшай бербей, чет жактарда бутиктерди көбөйтүп, продукция чыгаруу менен көбүрөөк алектенели деп жатабыз
Кыргызстанка, работающая в МАГАТЭ, дизайнер Гульнур Тоялиева - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Гульнур Тоялиева: күзүндө Австрияда күз-кыш кийимдери боюнча өткөрүлө турчу мода жумалыгына даярданып жатабыз. Келечекте салымдын баарын мода үйүнө жумшай бербей, чет жактарда бутиктерди көбөйтүп, продукция чыгаруу менен көбүрөөк алектенели деп жатабыз

— Жогоруда швед мырзага турмушка чыгып, кийин эки жолго түштүк деп айтып калдыңыз. Суроом ашыкча болбосо, ажырашууңуздарга эмне түрткү болду?

— Швед мырзага турмушка чыгам деп эч качан ойлогон эмесмин. Студент болуп жүргөндө чет элдиктер менен көп иштештим. Жолдошум Кыргызстанда иштеп жүргөндө таанышканбыз. Алгач колумду сураардан мурун "Швейцарияны барып көрүп келбейсиңби, жакса калып каласың" деп калды. Жолугуп, иштешип жүргөндө бардык тарабы жакчу. Бирок үй-бүлө болгондон кийин башка да жактарынан көрө баштадым. Тиричилик деген нерсе адамды бир топ эле өзгөртөт экен.

Помощница при родах, доула Жамиля Уметалиева - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу аялды коштоп жүргөн доула деген ким?
Мен чыгармачыл, ал перфекционист, башкача айтканда, өтө принципиалдуу адам болчу. Чыгармачыл адам эргүү, идеялар менен уйгу-туйгу болуп, өздөрүн эркин алып жүрүп маанайга карап иш кылат эмеспи. Өзүмдүн үй-бүлөм абдан шаңдуу болчубуз, тигил жактан ар бир ишти өтө так жасаганга туура келет. Маселен, календарь өз убагында айрылышы керек, салат жасасаң жашылчанын көлөмү эсептелүү, тууралганда бири-бирине коендой окшош болушу керек. Анан өтө эле олуттуу болуп кетиптирмин. Артты карасам өмүр өтүп жатат, мен болсо өзүмдүн каалоолорумду унутуп койгондоймун.

Бир күнү жолдошума мода академиясына тапшыргым келет десем, жол киремди, тамак ашымды, майда-чүйдө чыгымдарыма чейин эсептеп чыгып, актабайт экен деген жыйынтыкка келди. Анан жашоомду ушинтип уланткым келбейт деп уулумду алып кетип калдым. Ал убакта жарандыгым, иштеген ишим жок эле. Баарын нөлдөн баштадым. МАГАТЭге жумушка орноштум, эми мына каалоомо жетип, мода үйүмдү ийгиликтүү иштетип жатам. Туура эле кылдым деп ойлойм.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Күзүндө Австрияда күз-кыш кийимдери боюнча өткөрүлө турчу мода жумалыгына даярданып жатабыз. Келечекте салымдын баарын мода үйүнө жумшай бербей, чет жактарда бутиктерди көбөйтүп, продукция чыгаруу менен көбүрөөк алектенели деп жатабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0