Чатыр. Архив

Улам кайталанган жер титирөөдөн эл чатырда жашоого мажбур

576
Үч күн катары менен Кыргызстандын түштүк аймагында улам-улам жер силкинүүдө.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Кыргызстандын түштүгүндө катталган жер титирөөдөн улам 700гө чукул адам чатырда жашап жатат. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Үч күн катары менен кыргыз-тажик чек арасына чукул аймакта күчү 7 баллдан ашкан жер силкинүү катталган. Жарандык коргоо комиссиясы Ош облусунун эл жашаган беш аймагын иликтеп көрүп, арасында алты социалдык объект бар 72 имаратты авариялык абалда деп тапты. Ал эми 215 турак үйдө жаракалар бар экендиги белгилүү болгон.

"Куткаруучулар 100 чатыр тигип, ал жакка 717 адамды жайгаштырган. Мындан сырткары, 200 чатыр дагы кошумча бөлүнгөн", — деп жазылат маалыматта.

Шаршемби күнү, 3-майда саат 10:47лер чамасында Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткендин түштүк-чыгышынан 120 чакырым, ал эми Оштун түштүк-батышынан 192 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Эки күндөн бери жер кайра-кайра термелүүдө.

576
Белгилер:
чатыр, жаратылыш кырсыгы, жер титирөө, Баткен облусу, Ош
Тема:
Кыргызстандын түштүгүндө болгон жер титирөөлөр (30)
Тема боюнча
Чек арада жер силкинип, Чоң-Алайдын айылдардында 4 баллга жетти
Ош: жер титирөөдөн үйлөр бузулуп, мал кырылды
Президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев. Архив

Президенттин аппарат жетекчисинин мурунку орун басары Салиев кармалды

34
(жаңыланган 10:57 17.06.2021)
Атайын кызматтын билдиришинче, Салиев мурдагы президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, укук коргоо органдарынын жана сот системасынын ишине кийлигишкен.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. УКМК президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевди мыйзамсыз байыган деп кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеде Салиев мурдагы президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкени айтылат.

"Ошондой эле мамлекеттик кызматта иштеп турганда аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешесине туура келбеген мүлктү сатып алгандыгы аныкталды. Муну менен катар ушундай жол менен алынган олуттуу каражаттарды көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Салиевдин мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Ал Жазык кодексинин 323-беренесинин 3-бөлүмү ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

34
Белгилер:
кармоо, президенттик аппарат, Алмамбет Салиев, УКМК
Тема боюнча
Насыя алып, төлөбөй коюуну көздөгөн... УКМК "Карвен групптун" ээсин кармады
Мечит. Архив

Муфтийликке 9 киши ат салышууда. Талапкерлердин тизмеси

91
(жаңыланган 10:15 17.06.2021)
Муфтий 26-июнда шайланат. Буга чейин ал кысым көрсөтүү жана коркутуулардан улам, андан кийин эпидемиологиялык абалга байланыштуу эки ирет жылып кеткен.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна тогуз киши ат салышууда. Бул тууралуу Аалымдар кеңеши каттоо жана аттестациялоо комиссиясына таянып билдирди.

Муфтийликке талапкерлерди сынактан өткөрүү 24-июнда, ал эми шайлоо 26-июнда өтмөкчү.

Тандоо турунан өткөндөр:

  • Нурбек Токтогулов;
  • Султанали Гапуров;
  • Шүкүр Исмаилов;
  • Нематилла Жээнбеков;
  • Ниязали Арипов;
  • Убайдулла Сарыбаев;
  • Шакир Маматов;
  • Сайдамир Джейналиев;
  • Замир Ракиев. 

Белгилей кетсек, муфтий 5-апрелде эле шайланмак. Бирок кысым көрсөтүү жана коркутуулардан улам 29-майга жылдырылган. Бирок анда муфтият шайлоо өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу июндун этегине жылганын билдирип, талапкерлерди кайрадан сынактан өткөрмөй болушкан.

91
Белгилер:
талапкер, шайлоо, Муфтий, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Кыргызстан
Тема:
Муфтийди шайлоо
Тема боюнча
Муфтият Курман айттын болжолдуу датасын айтты
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив

Алдыда Азия кубогуна тандоо. Кыргызстандын командасы эми качан ойнойт?

0
(жаңыланган 11:14 17.06.2021)
Футбол союзунун маалыматына караганда, Азия кубогунун жаңы тандоо раундунда 22 курама команда ойнойт. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2023-жылы өтө турчу Азия кубогунун тандоо этабында ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы кабарлады.

Улуттук курама команда жакында эле болгон Дүйнө чемпионатынын тандоо раундунда кийинки этапка жолдомо ала албай калган. Мындай жол менен спортчулар Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө түз кирүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышты.

Футбол союзунун маалыматына караганда, жаңы тандоо раундунда 22 курама команда ойнойт. Алар: Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кувейт, Филиппин, Иордания, Бахрейн, Палестина, Индия, Малайзия, Түркмөнстан, Мальдив, Непал, Гонконг, Афганистан, Сингапур, Монголия, Таиланд, Шри-Ланка, Мьянма, Йемен, Бангладеш. Дагы эки команда плей-офф стадиясында тандалат.

Азия кубогунун тандоо турунун плей-офф оюну 2023-жылдын 7-сентябрынан 12-октябрына чейин өтөт. Ал эми негизги раунд 2022-жылдын 1-февралында башталып, ушул эле жылдын 27-сентябрында аяктайт.

Алты тайпада төрттөн команда беттешет. Бирок коронавирус боюнча кырдаал абалды өзгөртүп коюшу ыктымал. Эми кыргызстандык курама команданын мелдешке даярданууга тогуз ай убактысы бар.

0
Белгилер:
спорт, мелдеш, Азия кубогу, футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
КРдин футбол командасы өз тайпасынан экинчиге илинбей калды. Эми эмне болот?
Кыргызстан — Япония оюну. Мелдештин голдору видеодо