Илимдер академиясын окумуштуу Мурат Жуматаев башкарып турмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук илимдер академиясынын имараты. Архив
Улуттук илимдер академиясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимдер үйүнүн буга чейинки жетекчиси Абдыганы Эркебаев өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын президенттик милдетин техникалык илимдердин доктору, профессор Мурат Жуматаев аткара турганын, тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин буга чейинки жетекчиси Абдыганы Эркебаев апрелдин башында өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Жуматаев шайлоо өткүчө президенттин милдетин аткарып турат.

Эскерте кетсек, Илимдер академиясынын жетекчиси беш жылдык мөөнөт менен шайланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0