Бишкекте Жеңиш күнүнө карата митинг өттү

Жазылуу
Иш-чарага согуш ардагерлери, Куралдуу күчтөр, тыл эмгекчилери, студенттер, окуучулар, шаар тургундары жана калаа коноктору катышкан.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Жеңиш аянтында Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.

Митингге согуш ардагерлери, Куралдуу күчтөр, тыл эмгекчилери, студенттер, окуучулар, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Өчпөс отко гүл коюу аземинен кийин чогулгандардын алдына Согуш ардагерлери, Куралдуу күчтөр жана тыл эмгекчилери республикалык кеңешинин жетекчиси, Кыргызстандын алгачкы коргоо министри, генерал-полковник Мырзакан Субанов чыгып сүйлөдү.

"Генерал өз сөзүндө ардагерлердин эрдиктерин баса белгилеп, жаштардын патриоттук сезимин күчөтүү керектигин эскертип өттү", — деп айтылат маалыматта.

Субанов ошондой эле жаштарды татыктуу болуп өсүүгө жана Кыргызстанга чын жүрөктөн кызмат өтөөгө чакырды. Митинг-реквием кыргыз эстрадасынын чакан концерти менен жыйынтыкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0