БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Аюу айылында жер көчкүдөн жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык болгон айылда министрдин орун басары Лунара Мамытова эл менен жолугуп жүргөнү кабарланды.
"Табигый кырсыктан дээрлик баарынын документтери жоголгон. Мындан улам азыр башка ведомстволор менен биргеликте жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Баары такталган соң мыйзамдын негизинде социалдык төлөмдөр берилет", — деп жазылат маалыматта.
Алты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган. Калган 16 киши ошол жерде калтырылып, айланасы тосулуп, мазар болмокчу.
Аюу айылы Өзгөндүн борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймакта 248 үй-бүлө, ал эми киши саны менен алганда 1800гө чукул адам жашачу.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.