Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмазбек Атамбаев радиочуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Алмазбек Атамбаев принял послов пяти стран
Президент КР Алмазбек Атамбаев принял послов пяти стран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент радио кызматкерлерине ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалады.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев радио кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Биздин жашообузда радионун мааниси өтө чоң. Ал элге бүткүл дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды тез жеткирүүгө салымын кошуп келет. Муну менен катар бардык курактагы угармандар арасында радионун дагы бир функциясына суроо-талап жаралып жатат. Бул — жакшы маанай тартуулоо. Өлкөбүздүн өнүгүүсү ар бир жарандын маанайынан көз каранды. Ошондуктан, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап жатып, радио толкунунда жагымдуу кабар, жан эргиткен музыканын көбүрөөк болушун каалайм", — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле өлкө башчысы радио кызматкерлерине ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалады.

7-майда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө эл аралык радио күнү белгиленет. 1895-жылы ушул күнү орус физиги Александр Попов алгачкы радио байланышты сынап көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0