Кыргызстанга жакын жерлерде эмнеге жер титиреп жатканын сейсмолог түшүндүрүп берди

© Фото / Бексултан Эрмамат уулуРазрушенные землетрясением дома в селе Кызыл-Суу Кара-Сууйского района
Разрушенные землетрясением дома в селе Кызыл-Суу Кара-Сууйского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы жер титирөөнүн башкы себептери эмнеде экенин сейсмолог Канатбек Абдрахматов айтып берди.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында такай жер титиреп турат. Себеби Памир тоо кыркалары жылына 20 сентиметр ылдамдык менен Тянь-Шань тоосун карай жыларын Sputnik Кыргызстан агенттигине КР Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору Канатбек Абрахматов билдирди.

Анын айтымында, акыркы убактарда катуу жер титирөө катталып жаткан аймакта — Кыргызстан тарапта Тянь-Шань тоолору, Тажикстан тарапта Памир тоо кыркалары жайгашкан.

"Алай аймагы Кыргызстанда жер титирөө болуу коркунучу жогору болгон аймак. Анткени тектоникалык чыңалуу дайыма болуп турат. Себеби Памир тоосу Тянь-Шанды көздөй жылына 20 сантиметр ылдамдык менен жылат. Ошондуктан жер титирейт", — деди Абрахматов.

Ал Алай аймагында ар 2-3 жылда катуу жер титирөө болуп турарын кошумчалап, анын ичинен эң катаалы 2008-жылы Нура айылында болгонун белгиледи. Анда 75 киши каза болгон.

Окумуштуулардын божомолунда Кыргызстанда эң көп декабрь жана январда, андан сырткары май айында катуу жер титирөө болуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0