Супермаркеттеги кассирлердин кыжырын кайнаткан жети нерсе

© Sputnik / Валерий Титиевский / Медиабанкка өтүүРабота одного из супермаркетов Новосибирска
Работа одного из супермаркетов Новосибирска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги ар кайсы ири дүкөндөрдүн кассирлери кыжырды келтирген кардарлар тууралуу айтып беришти.

Алардын айтымында, кассирдин иши акчаны алып коюп эле, жыргап отурмай эмес. Кезек күткүсү келбеген, ичип алган кардарлардан тышкары, нервди козгогон нерселер көп экен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги айрым адамдар өздөрүн сырттан карап, кассирлерге карата мамилесин оңдосун деп, "кемчиликтерди" тизмектеп чыкты.

1. "Саламатсызбы, баштык керекпи?" деген суроого жөн гана "ооба" же "жок" деп жооп берүүгө эмнеге болбосун? "Бол, батырак сана!" деп бир тийүү биздин суроого жооп эмес.

День прощания со школой московской выпускницы Кати Мироновой - Sputnik Кыргызстан
Ала жипти аттаганын досторуна айтсын! Чач тарачтын айласын кетирген 8 көрүнүш
2. Кожоюндардын "айлыгыңа бираз акча кошом, калганын баары бир уурдап аласың" дегени жөн гана кыжырды кайнатпастан, беделиңе дагы шек килтирет. Бирок чынында эле ар нерсе уурдаган кызматкерлер бар. Алар ак дили менен иштегендердин аброюна көлөкө түшүрүп келет. "Ууруларды" чоңдорго айтайын деп батына албайсың. Себеби оозуңду аччу болсоң, айыпка баарың чогуу жыгыласың, же ошол күнү иштеген жамаат жумушсуз калат.

3. Биз акча алмаштырчу жай эмеспиз! Күндө кечинде кассаны толугу менен тапшырып беребиз. Ошондуктан, таң атпай дүкөнгө кире калып миң сомдукту майдалап бер деп сунгандан пайда чыкпайт. Кээ бирлер ири сумманы майдалатыш үчүн бир куту ширеңке сатып алышат. Мындай нерсе адамкерчиликке жатпайт!

4. Уурулар жинге тиет. Супермаркетте ар бир 30-товар уурдалып кетет болушу керек. Анткени, электромагниттик аппаратты алдап кетүү оңой эле. Анүстүнө мындай майда-чүйдө уурулуктар үчүн адам кылмыш жазасына тартылбайт. Бирок бул нерсе кассирдин айлыгына алда канча таасир этип коерун эсиңерден чыгарбагыла.

Ырдап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караоке кызматкеринин айласын алты кетирген кардарлар
5. Өзүн өзгөлөрдөн өзгөчө сезгендер. Алдыда канчалаган киши турса дагы, өзүн абдан олуттуу элестеткендер "меники аз эле, батырак санап бере кал" деп бир куту толо товарын алдыңа кое калышат. Уят деген болуш керек да.

6. Бейбаш жаштар. Булар көбүнчө бардар үй-бүлөнүн балдары, дүкөндүн ичинде өздөрүн өтө "шаңдуу" алып жүрүшөт. Спирт же энергетикалык ичимдиктерди алышат дагы, кассага келгиче эле оозун ачып, ичип жүргөнүн көрөсүң. Айрымдары сексуалдык маанайдагы жүрүм-турумдары менен башка кардарлардын дагы кыжырын келтирет. Андайларга эскертүү кыласың, бирок көпчүлүгү тоготпойт.

7. Чыдамы кеткен кардарлар. Албетте ар бир кардар ага тез арада кызмат көрсөтүлүшүн каалайт. Бирок биз товарларды каттоого алып, баасын эсептеп жаткан компьютер дагы айрым учурда "жалкоолонуп" калат. Техника деген техника да. Андайда штрих-коддорду кол менен жазууга туура келет. Эгер сиз алган товарладан акысы туура саналашын кааласаңыз, чыдамдуу болуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0