Сулайман тоонун этегинде ак элечекчен эки миң эне тилек айтат

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара КР Маданият министрлигинин жана Ош шаардык мэриясынын колдоосунда өтөт.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. 14-май күнү Ош шаарындагы Сулайман тоонун этегинде эки миң ак элечекчен апалар тилек айтышат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Демилгечилердин айтымында, иш-чара КР Маданият министрлиги менен Ош шаардык мэриясынын колдоосунда өтөт.

"Иш-чаранын бир нече максаты бар. Биринчиси — элекчекти жайылтуу. Экинчиси — араб элинин улуттук кийими болгон хиджапты массалык түрдө кийүүнү адатка айлантып бара жаткан түштүк регионунун аялдарына элечектин маани-маңызын жеткирүү. Үчүнчүдөн — акыркы убактарда болуп кеткен табигый кырсыктарга карата, апаларга кудайга сыйынуу иретинде ыйык тоонун этегинде тилек айттыруу", — деди Кулуева.

Бул күнү Ош шаарына Баткенден, Өзгөндөн, Алайдан, Лейлектен жана Бишкек шаарынан апалар барышат.

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун өкүлдөрү Ош шаарынын окуу жайларынын студенттерине элечек тууралуу бир жума бою лекцияларды окушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0