14 жашында дыйканчылыкты дыкат өздөштүргөн баткендик Эркинбек

© Фото / Улан МаккамбаевБаткен шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуган Эркинбек Тажидин уулу жаш курагына карабай дыйканчылыкты дыкат өздөштүрүп алган
Баткен шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуган Эркинбек Тажидин уулу жаш курагына карабай дыйканчылыкты дыкат өздөштүрүп алган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары жаш дыйкан короосуна гүл жана башка жемиштердин түрүн тиккен. Келечекте ал чоң күнөскана курсам деп кыялданат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Баткен шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуган Эркинбек Тажидин уулу жаш курагына карабай дыйканчылыкты дыкат өздөштүрүп алган. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

© Фото / Улан МаккамбаевЭркинбек апасы берген акчаларын жөнү жок коротпой чогултуп, базардан кулпунайдын көчөтүн алып келип, короосунун бир бөлүгүнө тиккен
Ростки клубники, выкрашенные 8-классником Эркинбеком Тажидин уулу  - Sputnik Кыргызстан
Эркинбек апасы берген акчаларын жөнү жок коротпой чогултуп, базардан кулпунайдын көчөтүн алып келип, короосунун бир бөлүгүнө тиккен

Эркинбек апасы берген акчаларын жөнү жок коротпой чогултуп, базардан кулпунайдын көчөтүн алып келип, короосунун бир бөлүгүнө тиккен.

"Алгач эккенимде кулпунай "гүлдөбөйт" деп үйдөгүлөр ишенбей коюшкан. Бирок, баары тең гүлдөдү. Март айынын акырында катуу суук болгондо жемишимди үшүккө алдырып жибербейин деп үстүнө желим чатыр жаап, жакшылап карадым", — деди Эркинбек.

Мындан сырткары жаш дыйкан короосуна гүл жана башка жемиштердин түрүн тиккен. Келечекте Эркинбектин чоң күнөскана курсам деген тилеги бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0