Жеңиш майрамынан кийин аянттардан 8 КамАЗ таштанды чыкты

© пресс-служба мэрии города БишкекДеятельность муниципального предприятия "Тазалык"
Деятельность муниципального предприятия Тазалык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр бул күнү 12 унаа таштанды чыгарылган.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Жеңиш күнү майрамдалгандан кийин Бишкектин "Ала-Тоо" жана Жеңиш аянтынан сегиз КамАЗ таштанды чыгарылгандыгын шаар муниципалитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери майрам экенине карабай, эки сменада иштеп, Жеңиш аянтынан 8 куб метр, "Ала-Тоо" аянтынан 18 кубо метр таштанды алып чыгышты", — деп айтылат билдирүүдө.

"Тазалыкчылар" саат 14.00дөн тарта түнкү 02.00гө чейин иштегени айтылды. Тазалоо иштерине жалпысынан 60 адис, 13 атайын техника тартылды.

Айта кетсек, бул жылы былтыркы Жеңиш майрамындагыга караганда төрт КамАЗга аз таштанды чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0