Бой жеткен кыздарга тиешелүү 9 "болбойт"

© AP Photo / Vladimir VoroninПраздничное мероприятия "Тысяча женщин в ак-элечеке — 2017" в Бишкеке
Праздничное мероприятия Тысяча женщин в ак-элечеке — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызда "кызга кырк үйдөн тыюу" деген сөз бар. Кыз баланы бойго жеткенге чейин татыктуу тарбиялоо, аны адептүүлүккө, тазалыкка жана тыкандыкка үйрөтүү ата-эненин милдети болуп келген. Начар тарбия алган кыз турмушка чыкканда ата-энесин гана эмес, бүт айылын уятка калтырган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ата салтына ылайык, кыргыз кызынын бой жеткенден турмуш жолуна аттанганга чейин жасоого болбой турган нерселерин тарыхчы Гүлзада Абдалиеванын айтымына таянып тизмектеп чыкты. Мындай тыюулар кыргызда кысым катары эмес, туура тарбиянын бир бөлүгү катары саналган.

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жубайларга байланыштуу 11 "болбойт"
Бейжай баспайт. Адептүү кыздар бейжай басып, өз билгенин кылган эмес. Аларды той-ашка, оюн-зоокко барганда ар дайым жеңелери коштоп жүргөн.

Бой жеткен кыз кара кийип, чачын жайган эмес. Эри өлгөн аялдар гана чачын жайып, кара кийинген. Мындан улам кара кийинип, чачын жайгандар аза күтүүнүн белгиси катары эсептелген. Ошондой эле кыз бала эч качан чачын кыска кырктырган эмес.

Башка бирөөлөрдүн көзүнчө керилип-чоюлбайт. Чоңоюп калган кыздын керилгени эрге тийгиси келгендигинин белгиси деп эсептелген.

Эркек кишилердин көзүнө тике карабайт. Кыз бала ар дайым ыйбаа тартып, көпчүлүк отурган жерге кирбей, эркек адамдар менен пикир алышканда да көзүнө тике караган эмес. Бул анын адебинен кабар берген.

Уул баланын кийимин кийбейт. Кыз киши бой жеткенде үйдөгү эркек балдардын, ал тургай күйөөсү бар келиндин кийимин кийген эмес.

Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Эркек адамдын алдынан өтпөйт. Бул белги эркек адамдын жолу буулуп калат деген түшүнүктү туюндурган. Ошондой эле кыз киши эркек баланы теппейт деген жазылбаган мыйзам да бузулбай сакталган.

Үнүн катуу чыгарып күлбөйт. Кыз кылыгы менен кымбат дегендей алар аста басып, акырын сүйлөп, назик күлгөн. Көпчүлүктүн арасынан үнүн катуу чыгарып сүйлөп, каткырып күлгөн кызды ыйманы аз деп түшүнүшкөн.

Кыз бала томук мүлжүбөйт. Эт жеп жатканда кыздарга томук мүлжүткөн эмес, анткени ал өмүр бою күйөөгө тийбей калат деп коюшкан.

Бой жеткен кыз улууларга соорусун салбайт. Улуулардын алдынан кесип өтүп, аларга артын салуу кыз бала үчүн уят иш болгон.

Негизи эле кыз баланын  отуруп-турганы, тамак ичкени, мейманга чай сунганы, бирөөлөр менен саламдашканы, сүйлөгөнү, күлгөнү баары көзөмөлдө болгон. Мындай эрежелер кыздын адептүү өсүшүнө, жакшы жар, эне болушуна көрүлгөн камкордук катары гана каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0