Сулуулук конкурсуна катышкан украиналык кыз финалда кыргыз көйнөгүн киет

© Фото / Maxim Podkolzin Профессиональная модель из Украины Алиса Саросек
Профессиональная модель из Украины Алиса Саросек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң мыкты аталыш үчүн 19 кыз күч сынашууда. Сулуулук конкурсунун финалы 13-майда өтөт.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Эл аралык Queen of USSR Dubai — 2017 сулуулук конкурсуна Кыргызстандын атынан катышып жаткан украиналык сулуу Алиса Саросек финалда кыргыздын улуттук көйнөгүн кийип чыгат.

© Фото / Maxim PodkolzinQueen of USSR Dubai — 2017 сулуулук конкурсуна Кыргызстандын атынан катышып жаткан украиналык сулуу Алиса Саросек
Украинская модель Алиса Саросек, которая представляет Кыргызстан на конкурсе красоты в Дубае - Sputnik Кыргызстан
Queen of USSR Dubai — 2017 сулуулук конкурсуна Кыргызстандын атынан катышып жаткан украиналык сулуу Алиса Саросек

Сулуулук конкурсуна катышып жаткан Саросек Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде ал финалга кызуу даярданып жатканын айтты.

"Кыргыздын улуттук кийимин Бишкектеги досторум жиберишти. Аларга абдан ыраазымын, мени бардык жактан колдоп турушат. Улуттук кийимден тышкары дагы бир топ атрибуттарды салышты. Алардын бардыгын финалда пайдаланып, элге көрсөтөм," — деди ал.

Украиналык сулуунун чоң энеси Кыргызстанда төрөлгөн.

Алиса өзү Одесса шаарынан болот. Учурда Дубайда жашап, иштейт. 2011-жылы ал Miss Ukraine South сулуулук конкурсунун финалына чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0