Жашында жайраган жакшылар. Алыкул 35, Таттыбүбү 37, Чубак 33 жашында дүйнө салган...

© Фото / Александр Федоров90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой
90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан туура 44 жыл мурда ушул күнү балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева узакка созулган оорудан улам көз жумган. Кызыгы анын туулган күнү дагы май айында болчу.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу жаш кеткен адабият, кино, театр жана эстрада жылдыздарын тизмектеп көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиевдин "Алыкул Осмонов" аттуу сүрөтү
Дом музей Алыкула Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Гапар Айтиевдин "Алыкул Осмонов" аттуу сүрөтү

Алыкул Осмонов

Аз жашаса дагы артында өлбөс-өчпөс чыгармаларды калтырып кеткен Алыкул Осмоновду билбеген кыргыз болбосо керек. Кыргыз адабиятынын классиги 1915-жылы 21-мартта Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Акын өз калеми аркылуу элине көөнөргүс байлык тартуулаганы менен жеке жашоосунда бактылуу боло албаптыр. Бала кезинен илээштирип алган кургак учук оорусу, кийин чоң сүйүүсүнө жетпей калышы, жарык дүйнөгө келген ымыркайын ажалга жулдуруп ийиши анын акындык назик дүйнөсүн арманга салганы айтпада деле белгилүү. Залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган. 

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүАктер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов
Актер и художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
Актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов

Сүймөнкул Чокморов

Кыргыз киносунун алтын доорунун эң жаркын жылдызы Сүймөнкул Чокморов дагы жашоодон эрте кеткен таланттуулардын катарын толуктайт. Бала кезинде катуу ооруга чалдыккандыктан, аны жеңүү үчүн спорт менен алектенип, кийин Кыргызстандын жана Ленинград шаарынын волейбол боюнча курама командаларында ойногон. Ошол эле убакта живопись дүйнөсүнө сүңгүп, 1958-жылы Фрунзедеги көркөм училищени, 1964-жылы Ленинграддагы Репин атындагы живопись институтун бүтүргөн. Киного 1976-жылы кадам таштап, алгач эле "Караш-Караш" тасмасында башкы каарманды ойногон. Чыңгыз Айтматовдун бир топ каармандарына экранда жан киргизген Чокморов 52 жашында асылган оорунун айынан каза болгон. 

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүКино жана театр актрисасы Тыттыбүбү Турсунбаева
Кадр из фильма Красное яблоко - Sputnik Кыргызстан
Кино жана театр актрисасы Тыттыбүбү Турсунбаева

Тыттыбүбү Турсунбаева

Сулуулугу менен ай десе айга, күн десе күнгө теңелген Тыттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Актердук билимин Ташкенттеги театралдык интституттан алган. Театр сахнасында 100дөй роль жараткан актриса кинодо дагы талыкпай эмгектенген. Мисалы, "Самачынын жолу" тасмасында Толгонайдын жаш кезин, "Ак Мөөр" тамасында Ак Мөөрдүн, "Уркуя" тасмасында Уркуя Салиеванын образдарын келиштирген. Актриса чыгармачылыктын сересине чыгып, күйөрмандары дагы мыкты ролдорду күтүп жаткан кезде жарык дүйнө менен кош айтышкан. 1981-жылдын декабрь айында оору менен кармашып жатып көз жумган Турсунбаева болгону 37 жашта болчу. 

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРБалет бийчиси Чолпонбек Базарбаев
Танцор и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан
Балет бийчиси Чолпонбек Базарбаев

Чолпонбек Базарбаев

Балет сахнасынын жаркыраган жылдызы Чолпонбек Базарбаевди жакындан билип, чогуу иштеп, мамилелеш болгондордун баары аны бийдин гана чебери эмес, сүйлөө жагынан да алдына киши салбаган чечен катары баалашкан. Ошондой эле кичипейилдиги, жөнөкөйлүгү менен айырмаланчу экен. Мунун аркасы менен Базарбаев бийчиликтен жетекчилик жана мамлекеттик кызматтарга көтөрүлгөн. 1993-96-жылдары Кыргызстандын маданият министри болуп эмгектенген. 2002-жылы 2-сентябрь күнү 53 жаш курагында Бишкекте унаа кырсыгынан көз жумган. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүБалерина Бүбүсара Бейшеналиева
Б. Бейшеналиева - Sputnik Кыргызстан
Балерина Бүбүсара Бейшеналиева

Бүбүсара Бейшеналиева

Балеттин дагы бир жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева өз заманынын келишимдүү гана эмес, таланттуу, эмгекчил аялзаттарынын алдыңкы сабында турганы белгилүү. Бекеринен бул айымды айтылуу Айтматов сүйүп, музасына айландырбаса керек. Чыгармачылыгы жөнүндө айтсак, балеринага атак-даңкты "Чолпон" балетиндеги Айдайдын ролу алып келген. Сахнада бийчилер Уран Сарбагышев жана Чолпонбек Базарбаев менен көптөгөн жылдар бою өнөктөш болгон. Балерина 46 жашында эмчектин рак илдетинен көз жумган. 

© Фото / из семейного архива СатаевыхЫрчы жана обончу Чубак Сатаев
Исполнитель Чубак Сатаев - Sputnik Кыргызстан
Ырчы жана обончу Чубак Сатаев

Чубак Сатаев

Чубак Сатаев 1960-жылы 13-январда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган. Музыкага болгон дилгирдиги өспүрүм кезинде эле байкалган экен. Кийин "Арман, ай", "Кайгырбачы, кан досум", "Кең дүйнө", "Ак бата" ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Сатаев тез эле жылдызга айланат. Анын жашоосунда 3 саны табышмактуу роль ойногон. Мисалы, 33 жылдык өмүрүндө 33 обондуу ыр жараткан. Дүйнөдөн 1993-жылы кайткан. Маалыматтарга караганда, ал өлөөрүнө бир нече күн калганда, кезектеги концертинен кийин башы ооруп жатканын айтып, жыгылган. Оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө эки күн жатып, көз жумган обончунун өлүмүнө мээсине кан куюлуп кетиши себеп болгонун дарыгерлер айтышкан. 

© Фото / предоставлено Омурзаком КайыповымЫрчы жана обончу Таалай Бектурганов
Исполнитель Таалай Бектурганов - Sputnik Кыргызстан
Ырчы жана обончу Таалай Бектурганов

Таалай Бектурганов

Аз жашап, саналуу гана ырларды жаратса дагы Таалай Бектурганов эмдигиче көпчүлүктүн эсенде. Биз убакта анын "Эмне мынча сүйөм сени?", "Назира" деген ырлары жүрөгүнө сүйүү келген ар бир жигиттин махабат гимнине айлана алган. Эжеси Ажар Бектурганованын кыргыз гезиттеринин бириндеги эскерүүсүнө караганда, "Назира" аттуу ыры чын эле жетпей калган сүйүүсүнө арналган экен. Ырчынын биринчи жана акыркы жеке концерти Бишкек шаарынын Улуттук филармониясында 1995-жылы болгон. Ошондон көп өтпөй эле ырчы абакка түшүп калган агасын куткарып жана үйлөнүү үчүн каражат таап келем деп Россияга кеткен. Ошол эле жылы күлгүндөй 27 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Айрым маалыматтарга караганда, Бектурганов киши колдуу болгон. 

© Фото / предоставлено Акжолтой Канатбек уулуТөкмө акын, обончу Майра Керим кызы
Акын Майра Керим кызы - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын, обончу Майра Керим кызы

Майра Керим кызы

Төкмө акын, обончу Майра Керим кызы Алматы облусунун Жылуу-Сай айылында туулган. Жолдошу Канат менен ал Казакстанда иштеп жүргөндө таанышып, ошол жактан баш кошушуптур. Кийин Ысык-Көлгө көчүп келишкен. Эл аралык жана республикалык көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү болгон. Элүүдөй обондуу ырлары эл арасында ырдалып жүрөт. Мисалы "Мага жар керек", "Сени сүйгөн бир адам бар" деген ырларды билбеген, кыңылдап ырдабаган кыргыздар аз болсо керек. Төкмө акын бир жылдан ашык онкологиялык илдет менен алпурушуп, 47 жашында дүйнө салды. 

Манас Бердибеков

Мындан туура 16 жыл мурда Кыргызстандын юмор дүйнөсү чоң жоготууга учураган. Белгилүү куудул Манас Бердибеков Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кесиптештери менен гастролдоп жүрүп, уктаган бойдон ойгонгон эмес. Ал убакта куудул болгону 45 гана жашта болчу. "Жалпак жөжө", "Көзү ачык", "Мажит, светти өчүр" жана башка боорду эзген интермедияларды жараткан. Жашоосунда 5 жолу үйлөнүп, артында 4 уул, 1 кызы калды. Уулу Санжар Бердибеков дагы чыгармачылыкка аралашып жүрүп, кийин четтеп кетти. 

© Фото / из семейного архива КыдыршаевыхЫрчы жана обончу Медер Кыдыршаев
Известный музыкант Медер Кыдыршаев - Sputnik Кыргызстан
Ырчы жана обончу Медер Кыдыршаев

Медер Кыдыршаев

Гитарада чеберчилик менен кол ойнотуп, уккулуктуу үнү менен көптөгөн шлягер ырларды аткарган Медербек Кыдыршаев 90-жылдары көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган. Үй-бүлөлүк турмушуна токтолсок, биринчи жубайы Гүлбарчын менен эки уулдуу болгондон кийин оту күйүшпөй калган. Айрым ЖМКлар жазганына караганда, ошол убактарда чыгармачылыгы дагы кризиске учураган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Өзгөндөгү музыкалык мекепте мугалим болуп орношуп, ал уюштурган балдар хору облустук конкурста 1-орунду ээлеген. Экинчи ирет баш кошуп, бирок көп узабай 41 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. 

© Фото / Женишбек ЭдигеевАкын жана обончу Калмурат Рыскулов
Акын, исполнитель Калмурат Рускулов - Sputnik Кыргызстан
Акын жана обончу Калмурат Рыскулов

Калмурат Рыскулов

Көптөгөн мыкты ырлардын автору, обончу, акын Калмурат Рыскулов атасынан эки жашында калыптыр. Жакын досу, манасчы Рысбай Исаковдун эскерүүсүнө караганда, кийин энесинен дагы ажырап, студенттик күндөрү дагы татаал болгон экен. Журналист Данияр Исанов анын 120дай обонунун 27си гана жазылып калганын, ал эми Акбар Рыскуловдун сөзүнө жазылган "Болоюн сенин Боогачың" аттуу ырдын обонун 15 мүнөттө жазганын айтканы бар. Калмурат Кыял аттуу кызга үйлөнүп, жарым жылдан ашык убакыт жашаган. Жакындарынын айтымында, обончу өз өмүрүнө кол салган кезде келинчеги тууганы каза болуп төркүнүндө жүргөн экен. 30 жашында жайран болгон Рыскуловдун артында туяк калган эмес. 

© фото из семейного архива Гүлзат БатыркановойЫрчы Гүлзат Батырканова
Фотолента Гүлзат Батырканова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Гүлзат Батырканова

Гүлзат Батырканова

Таланты, адамгерчилиги, жаркылдаган мүнөзү менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Гүлзат Батырканованын өлүмү тууралуу суук кабар эки жыл мурда күйөрмандарын дендароо кылган. Эл арасында оозго алынган "Сармерден" шоу-программасынын көркүн ачкан шайыр жеңени чыгармачылыгынын сересине чыккан кезде автокырсыктан улам ажал алып кетти. Батырканова 42 жылдык өмүрүндө "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө", "Жубайыма" сыяктуу ырларды аткарган. Артында бир уулу, бир кызы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0