Кайгуул милициянын имаратынан бомба табылган жок

Жазылуу
Шектүү баштыктан улам имараттагы кишилер сыртка чыгарылган.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын имаратынан бомба табылбаганын башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Шаршемби күнү кызматчылардын бири экинчи кабаттын шек жараткан желим баштыкты тапкан. Окуя болгон жерге саперлор чакырылып, имараттагы кызматкерлер сыртка чыгарылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин саперлору баштыктын ичинен эч нерсе тапкан эмес. Кайгуул милиция башкармалыгы учурда кадимки калыбында иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0