Милиционерлер сабаган жигиттин үй-бүлөсү койгон доосунан баш тартты

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Милиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башында Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги кафелердин биринин чыга беришинен эки милиция кызматкери 21 жаштагы баланы сабаган.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Милиция кызматкерлери тарабынан сабалган баланын иши токтотулгандыгы тууралуу жабырлануучунун атасы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

29-январда Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги кафелердин биринин чыга беришинен эки милиция кызматкери 21 жаштагы баланы сабап, ал оор абалда ооруканага жеткирилген. 

"Тараптар элдешти. Биздин үй-бүлөнүн милиция кызматкерлерине доосу жок. Алар бизге эч кандай компенсация төлөгөн жок. Жөн гана консенсуска келдик", — деди жабырлануучунун атасы.

Буга чейин Бишкек ШИИБи иштин бети ачылгандыгын билдирген. 

Пострадавший от рук милиционеров Автандил Тынышев - Sputnik Кыргызстан
Жабырлануучу: мас милиционерлер кабыргаларымды сындырып, уурулукка айыпташты
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 25 жаштагы кызматкери менен Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын 26 жаштагы кызматкери кармалгандыгы, экөө тең кызматтан четтетилгендиги айтылган.

Укук коргоо органдарындагы булактын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдиргенине караганда, алар эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарылган.

Эми соттук териштирүү башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0