Елизавета II менен Барак Обаманы "багынткан" бишкектик профессор

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык профессор Нурлан Наматов маек учурунда
Кыргызстандык профессор Нурлан Наматов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурлан Наматовдун китептерин Европанын мыкты университеттеринин студенттери окушат. Испания падышасынын жанында өзүн ээн-эркин эле алып жүрсө, Улуу Британия ханышасы аны FRAS катарына кабыл аларын өзү убада кылган.

Эсиңиздерде болсо, Франциянын падышалык колледжинде лекция окуй турган профессор тууралуу кабарлаган элек. Окумуштуу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотова маектешти.

— Агенттигибиздин жаңылыктар түрмөгүндөгү Франциянын эң мыкты жогорку окуу жайында лекция окуй турган кыргыз профессор жөнүндө маалыматты окугандар да, жылуу тилектерин жазгандар да арбын болду…

Орус окумуштуулар — түрколог Виктор Бутанаев менен археолог Юлий Худяков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: хакастар азыркы кыргыздарды Энесай кыргыздарынын тукуму деп эсептебейт
— Бул көп жылдык эмгектин үзүрү. КМУУнун аспирантурасын аяктагандан кийин Германияга кеттим. Докторлук ишимди жактап, изилдөөлөрдү жүргүзө баштадым… Постсоветтик өлкөлөрдөн соңку жүз жылда Падышалык колледжде лекция окууга үч гана окумуштуу чакырылган. Кыргызстандан алгачкысы мен. Аталган окуу жайдын окутуучусу болуу абдан абройлуу: мында окутуучу болуу француз жогорку билим берүү тармагындагы артыкчылык белгилеринен болуп саналат. Бул ЖОЖ Франциск Iнин тушунда падышалыктагы профессорлордун институту болуп түптөлгөн, ал эми азыркы аталышын 1870-жылы алган экен.

— Европанын көптөгөн илимий клубдарына мүчөсүз. Аларга кыргызстандык эмес, жергиликтүү агартуучулар да оңой менен кабыл алынбайт деп укканбыз.

— Бир коомго болгон мүчөлүк мени башкаларга кошту. Адегенде Улуу Британиянын жана Ирландиянын падышалык-азиялык коомунан орун таптым. Бул ал өлкөнүн эң илгеркилеринен болгон чыгыш таануучу уюму, мүчөлөрүнүн саны чектелүү – 700дөн ашпайт. Курамында белгилүү окумуштуулар, FRASтын (Fellow of the Royal Asiatic Society – Падышалыктын азиялык коому – ред.) тушуна өз аты-жөнүн жазууга укуктуу Азия боюнча адистер бар. Кабыл алынган окумуштуунун фамилиясынан кийин бул сөздү ханышанын өзү жазат. Ал эми клубдун башында Уэльс ханзадасы турат.

Кийинчерээк мырзалардын лондондук "Ориенталь" клубуна кабыл алындым, андан соң Елизавета II башында турган Англиянын жогорку рыцардык орденинин командору болдум. Балким, бул сиздерге эч нерседен кабар бербестир, бирок илим дүйнөсүндө мындай наамдар абдан ардактуу.

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессор Нурлан Наматов: эмгектерим Улуу Британиянын падышалык азиялык коомун жетектеген "Кэмбридж пресс" журналына жарыяланат. Бул – илимий чөйрөдө абдан таасирдүү басылма. Анан да Испаниянын падышасынын алдында баш кийимимди чечпей деле кое алам. Бирок башкысы — бул артыкчылыктар акча табуума өбөлгө
Профессор из Кырызстана Нурлан Наматов  - Sputnik Кыргызстан
Профессор Нурлан Наматов: эмгектерим Улуу Британиянын падышалык азиялык коомун жетектеген "Кэмбридж пресс" журналына жарыяланат. Бул – илимий чөйрөдө абдан таасирдүү басылма. Анан да Испаниянын падышасынын алдында баш кийимимди чечпей деле кое алам. Бирок башкысы — бул артыкчылыктар акча табуума өбөлгө

Ошондой эле Коста-Рика, АКШ жана Испаниянын айрым жогорку окуу жайларынын ардактуу профессорумун. Бир китебим үчүн Испания падышасынын сарайындагылардын коомунун сыйлыгы ыйгарылган. Ал эми Барак Обамадан медаль жана ыраазычылык кат алгам.

— Обамадан медаль алдыңызбы?!

— Ооба, китептерим үчүн сыйлашты. Тилекке каршы, сыйлоо аземине катыша албай калгам.

— Дүйнөлүк илимий клубдарга мүчөлүк кандай артыкчылыктарды берет?

— Эмгектерим Улуу Британиянын падышалык азиялык коомун жетектеген "Кэмбридж пресс" журналына жарыяланат. Бул – илимий чөйрөдө абдан таасирдүү басылма. Анан да Испаниянын падышасынын алдында баш кийимимди чечпей деле кое алам (күлүп). Бирок башкысы — бул артыкчылыктар акча табуума өбөлгө.

— Илимий чөйрөдө резонанс жараткан кандай изилдөөлөрдү жүргүздүңүз?

Париж шаарында жашап, Франциянын улуттук институтунда метрология жаатында эмгектенген мекендешибиз Алмазбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Физик Алмазбек Иманалиев: Францияда атомдордун кванттык касиетин изилдедим
— Уйгур менен кытайлардын тарыхын изилдедим, кийин Борбордук Азиядагы диний экстремизм темасын иликтедим. Бир нече жылдан кийин китептерим ийгилик алып келди.

Кийинки изилдөөлөрдү окумуштуулар тобу менен биргеликте жүргүздүм. Алардын бири – Аргентинадан профессор Оскар Вилла Бароссо. Ал Кубада сабак берчү. Кыргызстанда да жашаган, бул жактан тик учкучтукту окуган соң Анголага согушка кеткен. Андан сырткары, АКШ жана башка өлкөлөрдөн изилдөөчүлөр менен иштештим.

— Китептериңиз интернет-дүкөндөр аркылуу сатылып, 5 миң сомдун тегерегинде турат экен!

— Чынын айтайын, биздикилерге алар кызыксыз, негизинен, чет өлкөдө сатып алышат. Учурдун урунттуу темаларын камтыган ондогон китептерим сатыкта. Борбордук Азиядагы диний экстремизм тематикасын калыс чагылдырууга аракет кылам, терроризмдин исламга эч кандай тиешеси жоктугун жазам. Ал эми Глобалдык изилдөөлөр академиясында терактыларды Борбордук Азиядан чыккандар жасайт деп айткам.

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессор Нурлан Наматов: акылы тунук жаштарыбыз толтура. Мени, маселен, Нарындан чыккан кыз Гарвардга өткөнү туурасындагы жаңылыктарга суктангандары таң калтырат. Азамат, бирок бул кадыресе көрүнүш, а биз аны адаттан тыш кабар катары кабыл алабыз. Ишенгиле, биздикилердин колунан көп нерсе келет
Профессор из Кырызстана Нурлан Наматов  - Sputnik Кыргызстан
Профессор Нурлан Наматов: акылы тунук жаштарыбыз толтура. Мени, маселен, Нарындан чыккан кыз Гарвардга өткөнү туурасындагы жаңылыктарга суктангандары таң калтырат. Азамат, бирок бул кадыресе көрүнүш, а биз аны адаттан тыш кабар катары кабыл алабыз. Ишенгиле, биздикилердин колунан көп нерсе келет

— Эмнеге?

— Радикалдык уюмдарга жалдангандардын көбү алыскы айылдардан чыккан жакыр адамдар – аларга акча беришет, дүйнөнү өзгөртө аларына ишендиришет. Анан алар чет өлкөгө чыгышат… Ал эми кесепетин биз жаңылыктардан окуп жатпайбызбы.

— Кыргызстандын жаштарын илимге кызыктырууга мүмкүнбү, бул боюнча кандай пикирдесиз?

Программный директор радиостанции Кыргызстан обондору Лилия Абдыбаитова - Sputnik Кыргызстан
Лилия Абдыбаитова: ата-энем дудук болсо да, Кудай мага үндү берди
— Академиктердин "жаштар илимге келбей жатат" деп даттангандары мени чындап кыжырдантат. Көптөгөн кыргызстандык жаш илимпоздорду жеке тааныйм. Алар башка мамлекеттерде иштейт, бирок ишке тиешелүү шарттар түзүлө турган болсо мекенге кайтууга кызыкдар.

Акылы тунук жаштарыбыз толтура. Мени, маселен, Нарындан чыккан кыз Гарвардга өткөнү туурасындагы жаңылыктарга суктангандары таң калтырат. Азамат, бирок бул кадыресе көрүнүш, а биз аны адаттан тыш кабар катары кабыл алабыз. Ишенгиле, биздикилердин колунан көп нерсе келет, келип да жатат.

Мыкты жаштарыбыз бар. Аларга ишенем. Азыр 43 жаштамын, өзүм курдуулар менен жаңы муундун айырмасын байкайм. Дагы беш-жети жылдан соң бул жаштар көп нерсеге жетишет!

Жаңылыктар түрмөгү
0