Жарандардан кат кабыл алган өкмөттүн сайты иштен чыкты

© REUTERS / Kacper Pempel / IllustrationКомпьютерде иштеп жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Компьютерде иштеп жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет портал 8-май күнү иштен чыккан.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алган www.kattar.kg интернет-порталы бузулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган портал 8-май күнү иштен чыккан. Кат бөлүмүнүн кызматкерлери, жарандарды кабыл алган өкмөттүн аппараты жана президент менен өкмөттүн иш башкармалыгы жаралган көйгөйдү өз алдынча чече алган эмес. Буга байланыштуу порталды иштеп чыккан "Инфо-Система" мамлекеттик башкармалыгына кайрылууга туура келген.

"Божомолдорго караганда, бирөөлөр тарабынан порталдын сервери бузулган. Буга байланыштуу сайттын маалымат базасы өчүп калышы мүмкүн. Алдын ала маалыматтар боюнча портал программалык камсыздоо аркылуу бузулган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сайтты калыбына келтирүү иши 10-майда башталганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0