Атамбаевдин кызы торолуп калган уулунун сүрөтүн жарыялады

© SputnikПрезидент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева торолуп калган уулунун толук сүрөтүн Facebook баракчасына биринчи жолу жарыялады
Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева торолуп калган уулунун толук сүрөтүн Facebook баракчасына биринчи жолу жарыялады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алия Шагиева үй-бүлөсү менен табияттын койнунда мыкты эс алганын жазды.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева торолуп калган уулунун толук сүрөтүн Facebook баракчасына биринчи жолу жарыялады.

Белгилей кетсек, Шагиева 20-мартта көз жарган болчу. Кийин ал уулуна Таир деген ысым ыйгарылганын Instagram баракчасына жазган.

"Алдыбыздан чыккан адам "биринчи жолу наристе менен тоого чыккан адамдарды көрүп жатам" деп уктап жаткан Таирди карады. Биз уулубуздун ден соолугун күн жана шамал менен чыңдап жатканыбызды уккан киши абдан кубанды", — деп Шагиева өзүнүн баракчасына жазды.

Ал ошондой эле табияттын койнунда үй-бүлөсү менен мыкты эс алганын кошумчалаган.

Президенттин кызы Алия Шагиева тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0