Бишкек милициясы тилемчилерди аныктап жатат. Арасында чет өлкөлүктөр бар

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы кайырчылар. Архив
Бишкек шаарындагы кайырчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейд эки күн жүргүзүлүп, жыйынтыктары чыгарылды. Жакында аныктоо иштери кайрадан башталат.

БИШКЕК, 12 май — Sputnik. Бишкекте "Тилемчи" аталышындагы рейд жүрүп жатканын Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Иш-чара эки этапта өтөт. Биринчиси 10-12-май аралыгында жүргүзүлсө, экинчиси 16-18-майда уланат.

Бул эки күн ичинде төрт райондон 135 тилемчи аныкталган. Алардын 10ну өспүрүмдөр болсо, 16сы Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары болуп чыккан.

Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рейд: мас жана унааны туура эмес токтоткон айдоочулар кармалат
Свердлов районунан 23 киши кармалган. Сегиз иш сотко жиберилип, калгандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ленин районунан 27 тилемчи аныкталып, алардын экөө 1500 сомго айыпка жыгылган. Алты адамдын иши ИИБдин 10-бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Биринчи Май районунан 63 киши кармалган. Алардын алтоосу Өзбекстан, экөө Тажикстандан экени маалым болду. Чет өлкөнүн жарандары депортацияланат. Ал эми 31 адам "Коломто" социалдык мекемесине өткөрүлүп берилет. Калгандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кое берилген.

Октябрь районунан 22 тилемчи аныкталган. Алардын 10ну өспүрүмдөр. Алты бала ИИМдин реабилитациялык борборуна өткөрүлүп, калгандары кое берилген.

Рейд тилемчилик кылган, үйү жок же үйүнөн качып кеткен балдарды аныктоо үчүн жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0