Валентина Шевченко чыгыш бийин чимириле бийлеген видеосун чыгарды

© Фото / Dani DiamondТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер айымдын гитарада кол ойнотуп, сүрөттү мыкты тартып, ошондой эле тапанчаны таамай аткан өнөрү бар.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко чыгыш бийин чимириле бийлеп жаткан видеосун Инстаграм баракчасына чыгарган. Ал бийди бир жуманын ичинде 40 миң адам көргөн.

Beirut. Lebanon. May 2017

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) Май 2 2017 в 9:59 PDT

Шевченконун рингге чыгып мушташкандан башка өнөрүн көбү биле бербесе керек. Мушкер айым гитарада кол ойнотуп, мсүрөттү мыкты тартат. Мындан тышкары, тапанчаны таамай аткан талантка ээ.

Снимок с социальной сети Twitter группы FOX Sports: UFC. Шевченко и Нуньес на взвешивании - Sputnik Кыргызстан
Нуньес Шевченкого сес көрсөтүп жатып жаакка бир койду. Окуянын видеосу
Кыргызстандык спортчу, аралаш жоокер искусствосу, муай-тай жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченко мушкерлердин UFC (Ultimate Fighting Championship) дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга чыккан

Белгилей кетсек, Шевченко менен Нуньестин UFC 213 мелдешинин алкагындагы реванштык таймашы 8-июль күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0