Фотокапканка тартылып алынган сүрөт

Чоң-Кеминде фотокапканга түшүп калган сүрөттүн сырын илимпоздор биле албай убара

18082
(жаңыланган 13:00 14.05.2017)
Илимпоздор фотокапканга түшүп калган сүрөттү белгисиз жарык деп ойлоп жатышат.

БИШКЕК, 13-май. — Sputnik. КР Илимдер академиясынын илимпоздору фотокапканка тартылып алынган өзгөчө сүрөттүн сырын биле албай жатышат. Бул тууралуу "Германиянын жаратылышын коргоо союзу" (NABU) коомдук бирикмесинин коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Зарина Эсенбаева билдирди.

Снимок с фотоловушки с урочища Мамбет-Булак на территории природного парка Чон-Кемин
© Фото / пресс-служба спецгруппы "Барс" Союза охраны природы Германии (NABU)
Чоң Кемин жаратылыш паркына коюлган фото капканга түшүп калган сүрөт

Анын айтымында, 2014-жылы декабрь айынын соңунда Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын айланасындагы өзөндө жапайы жандыктардын, анын ичинде ак илбирсти сүрөткө тартып калуу максатында фотокапкан коюлган.

Снимок с фотоловушки с урочища Мамбет-Булак на территории природного парка Чон-Кемин
© Фото / пресс-служба спецгруппы "Барс" Союза охраны природы Германии (NABU)
Чоң Кемин жаратылыш паркына коюлган фото капканга түшүп калган сүрөт

"NABU адистери акыркы ирмемдерди көрүп жатып, кызыктуудай сүрөт таап алышкан. Анда жетиге чукул белгисиз жарык болгон жайдын сүрөтү алынган", — деди Эсенбаева.

  • КР Илимдер академиясынын илимпоздору фотокапканка тартылып алынган өзгөчө сүрөттүн сырын биле албай жатышат
    КР Илимдер академиясынын илимпоздору фотокапканка тартылып алынган өзгөчө сүрөттүн сырын биле албай жатышат
    © Фото / пресс-служба спецгруппы "Барс" Союза охраны природы Германии (NABU)
  • 2014-жылы декабрь айынын соңунда Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын айланасындагы өзөндө жапайы жандыктардын, анын ичинде ак илбирсти сүрөткө тартып калуу максатында фотокапкан коюлган
    2014-жылы декабрь айынын соңунда Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын айланасындагы өзөндө жапайы жандыктардын, анын ичинде ак илбирсти сүрөткө тартып калуу максатында фотокапкан коюлган
    © Фото / пресс-служба спецгруппы "Барс" Союза охраны природы Германии (NABU)
  • NABU адистери акыркы ирмемдерди көрүп жатып, кызыктуудай сүрөт таап алышкан
    NABU адистери акыркы ирмемдерди көрүп жатып, кызыктуудай сүрөт таап алышкан
    © Фото / пресс-служба спецгруппы "Барс" Союза охраны природы Германии (NABU)
  • Анда жетиге чукул белгисиз жарык болгон жайдын сүрөтү алынган.
    Анда жетиге чукул белгисиз жарык болгон жайдын сүрөтү алынган.
    © Фото / пресс-служба спецгруппы "Барс" Союза охраны природы Германии (NABU)
1 / 4
© Фото / пресс-служба спецгруппы "Барс" Союза охраны природы Германии (NABU)
КР Илимдер академиясынын илимпоздору фотокапканка тартылып алынган өзгөчө сүрөттүн сырын биле албай жатышат

Ал ошондой эле сүрөт кечинде тартылып алынганын кошумчалады.

Ысык-Көлдүн тоолоруна орнотулган камерага улар түшүп калды
© Видео / пресс-служба спецгруппы "Барс" Союза охраны природы Германии (NABU)
"Фотокапканга түшкөн башка сүрөттөр жакшы сапатта. Адистер аны күндүн чагылган нурлары деп божомолдошкону менен ал жерде күн бүркөк болуп турганын даана көрүүгө болот", — деди ал.

Ал ошондой тар чөйрөдөгү адистер "өзгөчө" сүрөттүн сырын биле албай, КР Илимдер академиясынын илимпоздоруна өткөрүп берүү чечимин кабыл алышкан.

"Учурда сүрөттөрдү иликтөө жүрүп жатат. Мага белгилүү болгондой баары бир пикирге келе албай, айрымдары сүрөткө күндүн нурлары түшкөн десе, кээ бири чуркап бара жаткан жаныбар чала тартылып калган деп түшүндүрүүдө", — деди Эсенбаева.

Адис аталган жайда фотокапкан бир канча жолу ак илбирс жана тоо текелерин сүрөткө түшүрүп калганын баса белгиледи.

18082
Белгилер:
илимпоз, сүрөт, Чүй облусу
Тема боюнча
Ала-Арчадагы фотокапкан: келбээрсиген илбирстен, томпоңдогон торопойлорго чейин
Ошто аркар, тоо эчкинин терилери менен мүйүзү жүктөлгөн машина кармалды
Бишкектеги кишилер айт-намазда. Архив

Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет

25
(жаңыланган 13:30 07.05.2021)
Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Быйыл бул майрам 13-майга туура келгендиктен кыргызстандыктар эс алышат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда бейшемби күнү, 13-майда Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мындай чечимди Аалымдар кеңеши кабыл алган.

Ислам шариатында Рамазан айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Орозо айы кээде 30 же 29 күн болот.

Муфтияттан белгилешкендей, жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айрымаланып калышы мүмкүн. 

 

25
Белгилер:
орозо айт, Кыргызстан, Бишкек
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
2021-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь
Орозо кармагандар COVID-19га каршы вакцина алса болобу? Министрликтин жообу
Учак асманда. Архив

Түркстан Бишкек Түркстан аба каттамы ачылмай болду

17
(жаңыланган 13:01 07.05.2021)
Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары Бишкектен Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларына Түркстан аркылуу учууга болот.

"2021-жылдын 31-майынан тарта Түркстан — Бишкек — Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачуу пландалып жатат. Рейстер дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт", — дешти аба майдандан.

Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.

17
Белгилер:
Түркстан, рейс, Казакстан, Бишкек
Тема боюнча
Керосин жер алдындагы түтүк менен келчү. "Манас" аэропорту кантип курулган
Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт