Ош: таштанды жыйнаган робот жасаган окуучулар Нью-Йоркто генийлер менен таймашат

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы "Сема" лицейинин 10-"а" классынын окуучулары Кансаар Кудайбаков жана Зулпукар уулу Таберик таштанды жыйнап, аларды бир канча бөлүккө бөлүп тазалоочу робот машина ойлоп табышты
Ош шаарындагы Сема лицейинин 10-а классынын окуучулары Кансаар Кудайбаков жана Зулпукар уулу Таберик таштанды жыйнап, аларды бир канча бөлүккө бөлүп тазалоочу робот машина ойлоп табышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда балдар буга чейин ойлоп тапкан машина роботту дагы мыктылап, жабдып жатканын айтышты.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош шаарындагы "Сема" лицейинин 10-"а" классынын окуучулары Кансаар Кудайбаков жана Зулпукар уулу Таберик таштанды жыйнап, аларды бир канча бөлүккө бөлүп тазалоочу робот машина ойлоп табышты. Аты аталган окуучулар төрт жылдан бери аталган билим уясында "Робот клубунан" сабак алып келишет.

Таберик менен Кансаар бул эмгегинин аркасында "Сапат" билим берүү мекемеси Бишкекте уюштурган сынакта алдыңкы орунду ээлеп сертификатка ээ болушкан. Ал эми жакында АКШнын Нью-Йорк штатында "Генийлер" таймашы деп аталган роботтор сынагына онлайн түрдө катышып, финалга жолдомо утуп алышты.

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы "Сема" лицейинин 10-"а" классынын окуучулары Кансаар Кудайбаков жана Зулпукар уулу Таберик таштанды жыйнап, аларды бир канча бөлүккө бөлүп тазалоочу робот машина ойлоп табышты
Ош шаарындагы Сема лицейинин 10-а классынын окуучулары Кансаар Кудайбаков жана Зулпукар уулу Таберик таштанды жыйнап, аларды бир канча бөлүккө бөлүп тазалоочу робот машина ойлоп табышты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош шаарындагы "Сема" лицейинин 10-"а" классынын окуучулары Кансаар Кудайбаков жана Зулпукар уулу Таберик таштанды жыйнап, аларды бир канча бөлүккө бөлүп тазалоочу робот машина ойлоп табышты
© Фото / Зульфия ТургуноваАты аталган окуучулар төрт жылдан бери аталган билим уясында "Робот клубунан" сабак алып келишет.
Аты аталган окуучулар төрт жылдан бери аталган билим уясында Робот клубунан сабак алып келишет. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аты аталган окуучулар төрт жылдан бери аталган билим уясында "Робот клубунан" сабак алып келишет.
1/2
Ош шаарындагы "Сема" лицейинин 10-"а" классынын окуучулары Кансаар Кудайбаков жана Зулпукар уулу Таберик таштанды жыйнап, аларды бир канча бөлүккө бөлүп тазалоочу робот машина ойлоп табышты
2/2
Аты аталган окуучулар төрт жылдан бери аталган билим уясында "Робот клубунан" сабак алып келишет.

Эми жаш ойлоп табуучулар 12-17-июнь күндөрү Нью-Йорк штатында өтүүчү генийлер сынагына Кыргызстандын атынан катышып, өлкө намысы үчүн күч сынашат.

В Бишкеке открылся клуб робототехники - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөрдүн өзгөчө ойлоп табуулары
Адатта Нью-Йоркто өтүүчү сынак төрт багыттагы эмгектерди кабыл алат. Кыргызстандык балдар экология темасын тандап алган.

Эки окуучуну төрт жылдан бери робот жасоого үйрөтүп, жол көрсөтүп келген "Робот клубунун" жетекчиси Муратбек Ишенбаев окуучулар роботу 540 тетиктен кураганын айткан.

Тектиктер бизде жасалбагандыктан, Корея, Япония өлкөсүнөн буюртма менен алдырышкан. Таштанды жыйноочу робот пульт же автономдуу түрдө да башкарылат. Таштандынын ордуна кызыл, көк, сары жашыл түстөгү кубиктерди тандашкан.

"Кызыл түстөгү кубик — батарейкалар, жашыл түс – жашылча-жемиш калдыктары, сары түс – кагаз макулатура, ал эми көк түс — бөтөлкөлөр. Ар бир түстүн өзүнө жараша ошол түстөгү контейнер жайгаштырылган. Робот машинанын функциясы ар кандай түстөгү биз таштанды деп элестеткен кубиктерди ошонун өңүндөй болгон контейнерге алып барып ташташы керек", — деди Ишенбаев.

Кара жорго бийлеген робот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмө насос, 360 градуска айланган стол. КР ойлоп тапкычтарынын табылгасы
Нью-Йоркто өтүүчү таймашка 40 мамлекеттин өкүлдөрү катышмакчы.

"Эң күчтүү атаандаштарыбыз катары АКШнын окуучуларын эсептейбиз. Анткени аларда технология башка мамлекеттерге салыштырмалуу күчтүү өнүккөн. Ошентсе да Кыргызстандын атынан барып өз эмгегибиз менен ийгиликке жетишебиз деген үмүттөбүз", — деди мугалим.

Айтмакчы, робот машинанын программасын балдар өздөрү иштеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0