Дүйнөгө жайылган "Рэкетир" вирусу кыргызстандыктарга чабуул жасады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКомпьютерде кино коруп жаткан адам. Архив
Компьютерде кино коруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 200-300гө жакын компьютер Wanna Cry вирусу менен жабыркады.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Wanna Cry вирустук программасы кыргызстандык жарандын компьютерин жабыркатты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине вирустун курмандыгы болгон Иван Шульдяков билдирди.

Өткөн жуманын аягында Европа менен Азия мамлекеттериндеги бир катар компаниялар менен уюмдарга болгон киберчабуулдан улам мекемелердин иштери үзгүлтүккө учураган.

Аталган вирус компьютерлерди иштен чыгарып, аны калыбына келтирүү үчүн акча талап кылат.

© Фото / Иван ШульдяковШульдяковдун айтымында, анын компьютери жума күнү, 12-майда жабыркаган. Экранда "Wana Decrypt0r 2.0" терезеси пайда болуп, үч сааттын ичинде 300 доллар жөнөтүү талабын койгон
Окно Wana Decrypt0r 2.0 с предупреждением, что устройство атаковано, а файлы зашифрованы - Sputnik Кыргызстан
Шульдяковдун айтымында, анын компьютери жума күнү, 12-майда жабыркаган. Экранда "Wana Decrypt0r 2.0" терезеси пайда болуп, үч сааттын ичинде 300 доллар жөнөтүү талабын койгон

Шульдяковдун айтымында, анын компьютери жума күнү, 12-майда жабыркаган. Экранда "Wana Decrypt0r 2.0" терезеси пайда болуп, үч сааттын ичинде 300 доллар жөнөтүү талабын койгон. Локалдык тармак боюнча бир нече компьютер жабыркаган.

"Көйгөй төмөнкүчө чечилди: антивирусту жаңыртып, компьютердин эсин карап чыктым. Вирус жок кылынганы менен 90 пайызга жакын маалыматтар жоголуп кетти. Мындан тышкары, файлдар дагы жабыркаган", — деди кыргызстандык жаран.

Вирустун жайылышы

Ноутбукта иштеп жаткан адамын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Түркиялык хакер Америкада кибер уурулук үчүн сегиз жылга кесилди
Бейрасмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда аталган вирус менен 200-300гө жакын компьютер жабыркаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине СERT-KG маалыматтык коопсуздук борборунун адиси Антон Кирсанов билдирди.

Ал эми Guardian басылмасы хаккерлер жалпы 42 миң доллар табышканын жазып чыкты. Болжол менен 150 мамлекеттен 200 миң адам киберчабуулдун курмандыгы болгон.

Адистин кеңеши

Антон Кирсанов вирустан коргонуу үчүн антивирус гана эмес, Windows программасынын жаңыртылып турушу дагы жардам берерин билдирди. Адистин айтымында, Microsoft компаниясы вирустан коргонуучу атайын пакеттерди чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0