Окумуштуулар мас кишинин жүрүм-туруму канчалык өзгөрөрүн аныкташты

© Sputnik / Вадим Алексеев / Медиабанкка өтүүМас адам. Архив
Мас адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор арак адамды кандай өзгөртөрүн билиш үчүн 156 каалоочуга эксперимент жүргүзгөн.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Арак ичкен адамдын жүрүм-туруму, кылык-жоругу анчейин деле өзгөрбөй турганын психологдор аныкташкан. Окумуштуулар спирт ичимдиктерине жакын кишилерге байкоо салып, ушундай жыйынтыкка келгенин Clinical Psychological Science журналы жазды.

"Бардыгыбыз ичкен адамдын жүрүм-туруму дээрлик өзгөрөт деп келебиз, бирок бул туура эмес. Биздин тажрыйбага катышкандардын көбү аракеттерибиз толугу менен өзгөрдү деп ойлошкон. Бирок аларга сырттан байкоо салгандар болгону сырткы кабылдоосу жана көрүнүшү гана өзгөргөнүн айтышты", — деген пикирин АКШнын Миссури университетинин окумуштуусу Рэйчел Виноград билдирген.

Снимок с видеоролика, подготовленная пресс-службой ГУПМ МВД КР, чтобы предупредить автомобилистов об опасности безответственного вождения - Sputnik Кыргызстан
Унааны учуруп айдаардан мурда, бул роликтерге көз салып коюңуз
Окумуштуулар арак адамды кандай өзгөртөрүн билиш үчүн 156 каалоочуга атайын эксперимент жүргүзгөн. Спирт ичимдиктерин ичкендерге башка топ байкоо салып, алардын кылык-жоруктарын дептерге жазышкан. Бул учурда арак ичкендер дагы өздөрүнүн ойлорун жазышып, алар айланасындагыларга жагымсыз, жоопкерчиликсиз көрүнгөнүн сезтп-туйганын билдиришкен.

Ал эми аларды байкап тургандар иликтөөгө катышкандар талашып-тартышкан учурда гана өзүнүкүн бербей ажылдап калганын белгилешкен. Андыктан окумуштуулар арак ичкен киши соо кезиндегиден толук түрдө өзгөрбөй турганын белгилешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0