Ноокендеги окуучулар эмнеден ууланганы билине элек

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүКапельница. Архив
Капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-май күнү отуздан ашуун окуучу ууланып, райондук ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Тоскоол айылында ооруканага түшкөн окуучулар эмнеден ууланганы аныктала электигин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Эске салсак, 12-май күнү отузга чукул окуучу ууланып, райондук ооруканага түшкөн. Эпидемиологиялык иликтөөнүн алдын ала маалыматы боюнча Тоскоол айылынын эли Тоскоол-Ата суусун пайдаланат. Ал эми окуучулар үчүн Масы айылынан алынган артезиан суусу 5 тонналык цистернага куюлуп, кайнатылгандан кийин гана берилет.

Билдирүүгө ылайык, стационардык дарыланууга 31 бала келип түшкөн, учурда алардын 25и ооруканадан чыкты. Ноокен аймактык ооруканасында алты бала дарыланып жатат.

"Эки окуучуга сасык тумоо деген диагноз коюлса, калгандарына белгисиз нерседен ууланды деген жыйынтык чыккан. Суудан алынган анализдерде дагы эч кандай токсикологиялык нерселер табылган эмес. Ошондой эле уулануу болгон күнү мектептин жанында сатылган балмуздактан дагы шектүү эч нерсе чыккан жок", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, мектептин айланасында мөмө багы эч кандай дарылоодон өтпөгүнүн мектептин жетекчилиги билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0