Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карсак, кээ, мискин... Көөнө сөздү көөнүңө түйүп ал!

Жазылуу
Убакыттын өтүшү менен көөнө сөздөрдүн көбү колдонулбай, көмүскө калып барат. Аларды кайра жандандыруу максатында чечмеленишин сунуштайбыз.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы "Манас" эпосундагы эски сөздөрдүн түшүндүрмөсүнө көңүл бурабыз.

Капчал – аскалуу капчыгай, тоонун боору

Кагынуу – өпкөгө суук тийгизүү

Казап – зордук-зомбулук, каар, "Кандын казабынан сакта" деп байыркы батада айтылат

Калба – чатак, уруш, жаңжал

Карсак – түлкү, бөрү, сүлөөсүн сымал жойлоп жүрүүчү жаныбарлардын жалпы аталышы

Кедик – уяң жүндүү кой

Келеңкор – абдан кымбат асыл таштар менен кооздолуп жасалган чачпак

Кемер – алтын, күмүш, асыл-таштар менен кооздолгон жазы кур

Кээ – кусур, убал. Мисалы, кысыз ысырап кыла берсе тамак-аштын, малдын кээси болот, убалы болот

Кеште – сайма

Көнчөк – кулак калканынын астыңкы жумшак бөлүгү

Мамыр – бейкут, тынч

Мандикер – акысына жалданып иштеген киши

Мискин – бей-бечара, карып

Оозантуу – жаңы төрөлгөн наристеге, жаңы келген келинге берилген биринчи даам.

Жаңылыктар түрмөгү
0