Жер алдындагы өтмөктө соода кылгандардын чыры. Мэрия талашка чекит коёт

Жазылуу
Филармония жактагы жер алдындагы өтмөк жакында оңдоо үчүн жабылат. Соода орундарын ижарага алгандар оңдоо иштери аяктагандан кийин иши жок калабыз деп тынчсызданууда.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Филармониянын жанындагы жер алдындагы өтмөк оңдолгондон кийин ал жакта соода кылгандар өз ордуларында калат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Султан Өмүрөв билдирди.

Мэрия борбор калаадагы жер алдындагы эки өтмөктү 36,5 миллион сомго капиталдык оңдоодон өткөрөт. Учурда аталган жерде 160 соода орду бар. Соодагерлер оңдоо иштери аяктагандан кийин алар ишсиз калабыз деп кабатырланышып, мэрия соода орундарын кыскартарын билдиргенин айтышууда.

"Сатуучулар менен сүйлөштүк, оңдоо иштери аяктагандан кийин аларга жумуш орундарын беребиз, бирок соода жерлери азаят. Ижара акысы жана иштөө шарты сатуучулар менен кийин сүйлөшүлөт. Алар азыр соода орундарын бошотуп жатат, оңдоо иштери эки айга созулат. Биз оңдоо иштерин баштадык", — деди Өмүров.

Эгер буга чейин ишкерлер соода кылуу үчүн 370 чарчы метрди алып келген болсо, алар 230 чарчы метрге чейин кыскарат. Анткени өтмөктө майыптар үчүн атайын пандустар жана көрүүсү начарларга да ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Оңдоо иштеринен кийин жер алдындагы өтмөктөр кандай болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0