Сууга байланыштуу 11 "болбойт"

Жазылуу
"Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор" деген макал бекеринен айтылып калбаса керек. Илгертен ата-бабалар сууга ыйык мамиле жасап, жаактуудан пенде тең келбеген Жеңижок акын анын ыйыктыгын, улуулугун, касиетин күнү-түнү ырга салып бүтө алган эмес.

Жети кабат жер алдынан агып чыгып, Жер жүзүнө, адамзатка жашоо тартуулаган суунун касиети жана ага байланыштуу жасалбай турган нерселерди салттуу илим изилдөөчү Чынара Сейдакматова айтып берди.

Кой союу алданда бата окуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мал союудагы 10 "болбойт"
Сууга түкүрбөйт. Эч качан адам ичкен сууга да, аккан сууга да түкүргөн эмес. Аккан сууга түкүрмөк тургай, кол чайкоого да болбойт. Алгач арыктан сууну кочуштап алып чыгып, колду сырт жакка жууган.

Суунун көрүнгөн жеринен аттабайт. Каалаган жерден суудан аттоого болбойт. Сууга көпүрө салаарда да ата-бабалар ит, мышык, ат сыяктуу жаныбарлар өткөн жерден көпүрө курат.

Сууга кир кийим-кече чайкабайт. Аккан сууга кир салып чайкоо суу сыйлабагандыкка жатат. Алгач сууну бери жакка алып, анан кийимдерин чайкаган. Ошондой эле аккан сууга идиш-аяк да жууганга болбойт.

Суунун жанында отуруп жаман сөздөрдү айтпайт. Азыр илим изилдөөчүлөр сууну маалымат сактай турган зат экенин айтып жатышат. Сууга айтылган сөздөр ишке ашат деп айтылып жүрөт, андыктан сууга жалаң жакшы ой-тилек айтылышы керек.

Сууну жөнсүз агызып койбойт. Суу сыйлабагандар суунун пири Сулаймандын каргышына калат деген ишеним бар. Сууну жөнү жок ысырап кылып агызып же төксө адам ырыскысынан кемийт деген түшүнүк жашап келет.

Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Суунун жээгине уктабайт. Эгер адам суунун жээгине уктап калса, адамдын энергиясын суу тартып алышы ыктымал деп айтылат.

Отко суу чачпайт. От менен суунун деми эч качан келишпейт. Андыктан отко суу чачып өчүрүүгө болбойт. Ошондой эле күлгө дагы суу төкпөйт.

Сууга таштанды ыргытпайт. Биринчиден, таштанды төгүлгөн суудан башка бирөө да колдонот.

Суу көтөргөн баканды аттабайт. Апкөчтү аттаган адамдын иши оңолбойт деп коюшат.

Сууга заара кылбайт. Сууга заара кылгандын энесинин эмчегине жара чыгат деп айтылып жүрөт.

Суу куюлган идишти түнкүсүн ачык калтырбайт. Шайтан аралап кетет деген түшүнүк болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0