Эки миңге жакын баатыр эне орден, медаль менен сыйланат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНаграждение многодетных матерей орденом "Баатыр эне" в Государственной резиденции "Ала-Арча"
Награждение многодетных матерей орденом Баатыр эне в Государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын Энелер күнүнүн алдында президент апаларды сыйлоо боюнча жарлыкка кол коёт.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы энелерди "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" орден, медалдары менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Баатыр эне" ордени 1 618 энеге берилсе, "Эне даңкы" медалы менен алты баланы төрөп тарбиялаган 550дөн ашык аял сыйланат.

Май айында бир катар мамлекеттерде Энелер күнү белгиленет. Кыргызстанда бул майрам май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалып, быйыл 21-майга туура келет.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө жетиден ашык баланы төрөгөн жаш баатыр энелер тууралуу Sputnik материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0