Майлуу-Суу: аш-тойлордо ысырапчылыктын алдын алган мобилдик топтор түзүлмөкчү

© SputnikТой. Архив
Той. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары суунун, убакыттын, акчанын ысырапчылык тууралуу жаштарга, коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турган болду.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Майлуу-Суу шаарында ысырапчылыкты алдын алуу боюнча мобилдик топтор түзүлүп, жамандык — жакшылыктарда ашыкча чыгымдарды жөнгө салуу боюнча иш алып барат. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онлайн үйлөнүү, музыкасыз куда күтүү — бишкектиктерди таң калтырган беш үлпөт той
Майлуу-Суунун шаардык бийлиги жергиликтүү эл менен жолугуп, сарамжалдуулукту сактоо жана ашыкча ысырапчылыкты чектөө туурасында сүйлөштү. Жыйында алдын алуу жана каршы күрөшүү үчүн мобилдик топторду түзүү сунушун кабыл алышты.

Мобилдик топтор — той-топурларда, маркумду акыркы сапарга узатууда, экономикалык жана ашыкча чыгымдарды тартипке салуу жаатында иш алып барышат.

Мындан сырткары суунун, убакыттын, акчанын ысырапкерчилиги тууралуу жаштарга, коомчулукка түшүндүрүү профилактикалык иш-чараларын жүргүзүү керектиги баса белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0