Окумуштуулар Instagram адамдын саламаттыгына эң зыян соцтармак экенин аныктады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүInstagram социалдык тармагынын логотиби. Архив
Instagram социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактар көнүп алуу жагынан чылым чегүү менен спирт ичимдиктерин ичүүдөн дагы жаман экенин илим адамдары баса белгилешет.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Британиянын окумуштуулары Instagram адамдын ден соолугу үчүн эң коркунучтуу социалдык тармак экенин аныкташты. Бул тууралуу Коомдун саламаттыгы боюнча RSPH падышалык коому менен Жаштардын ден соолугу кыймылынын докладында айтылганын РИА Новости жазды.

Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лайк баскандан эрингендер: SMM-адистин жанын кашайткан 10 нерсе
Изилдөөчүлөр 14 жаштан 24 жашка чейинки 1473 кишини сурамжылоого алып, алардан эң жаккан социалдык тармакты сурап, аларды бир канча сөздөр менен сыпаттоого чакырган. Арасында "жалгыздык", "депрессия", "тынчсыздануу", "мазактоо", "сырткы имиджди түзүү" сыяктуу сөздөр болгон. Жалпысынан ар бир респондентке 14 суроо берилген.

Изилдөөнүн алкагында YouTube, Instagram, Snapchat, Facebook жана Twitter социалдык тармактарына анализ жасалган. Булардын ичинен эң позитивдүү деп YouTube табылган. Андан кийин Twitter менен Facebook турса, Snapchat жана Instagram социалдык тармактарына респонденттер эң аз позитивдүү жоопторду берген.

Изилдөөгө ылайык, 16 жаштан 24 жашка чейинки жаштардын 31 пайызы социалдык тармактарды активдүү колдонот.

Соцтармактар көнүп алуу жагынан чылым чегүү менен спирт ичимдиктерин ичүүдөн дагы жаман. Акыркы 25 жылда жаштар арасында депрессиянын деңгээли 70 пайызга өскөн. Бул өз кезегинде уйкунун бузулушуна алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0