Абдыкерим Муратовдун айылга каты. Энемдин балкондогу таберик сандыгы

© Фото / Чынгыз МырзаевДоктор педагогических наук Абдыкерим Муратов
Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү айылга каттын автору аалым жана жазуучу, профессор Абдыкерим Муратов. Ал Ноокаттын Шанкол айылында калган жылдарын эске түшүрүп, айылына кат жазды.

Бул чоң эне деген ким экендигин түшүнгөндөрдүн өпкө-боорун козгоп кеткен, эбедейди эзген жана ошол кемпирлерди кучактап, жыттап, жаттып алгың келген керемет кат экен.

Салам кат!

Кат жазчу жерим – туулган айылым Ноокаттын Күн Чыгыш жагындагы Шанкол деген жер. Биз бала кезде СССР күчүндө болуп, коммунизмди курабыз деп, колхозубуздун атын "Ленинизм" атап, участкабызды "Съезд" дечүбүз. Элдик баары карысы да, жашы да тамекиде иштечү. 

© Фото / из личного архива Абдыкерима МуратоваОкуучулук учур
Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов  - Sputnik Кыргызстан
Окуучулук учур

Мурда Фрунзеден, кийин Бишкектен Ошко учуп баратканда Арсланбаптын Бабаш-Ата тоосунун үстүнөн өтүп баратканда башкача бир сезимге келип, качандыр бир кезде жоготуп алган өтө кымбат нерсемди издеп жаткандай Түштүк жакты карап, чубалган ак зоолордун арасынан мага тааныш Алтын-Казыкты жана Шанколдун үч чокусун издей баштайм. Күн ачык болсо алар шаңкайып ушундай бир жүрөккө жакын көрүнөт. Ошол чокулардан башталган тоолор түгөнүп, түздүккө айланган жерде биздин айыл бар. Биз бала кезде жазында адырлар башталган жерде өрүкзарлар болуп, алар аппак бадырактай сонун гүлдөп турчу. Ал тууралуу "Ак бубак өрүкзар" деген бир шиңгил аңгемемде мындай деп жазганмын. "Биздин маалада ууру жок. Ууру болсо уурдайт эле да апрелдин соңундагы ак бубак өрүкзарды…".

Негизги адамдын мүнөзүн, кебете-кешпирин, жүрүш-турушун туулган жери кыйла жактан аныктап коёт, бул ошол айылдын ичкен суусу кандай, шамал кайсыл учурда кайсыл жактан согот, горизонт кандай көрүнөт ж.б. географиялык-климаттык жагдайлар менен байланышат. Айылдашыбыз жазуучу Мурзаш Аширбековдун биздин айылдар тууралуу мындай деп жазганы бар. "Түштүк жаккы бет маңдай араанын мизиндей аскалуу, керилген тоо да, түндүк жагы крокодилдин жонундай күдүрөйүп, салаа-салаа болгон бопбоз адырлар. Адыр менен тоо жаадай ийилип барып, чыгыш менен батыштан учтары биригип кетет. Ушул кайык түбүндөй ойдуңда жайгашкан айыл – киндик каным тамган жер". Мына ошол кайык түбүндө туулуп, эр жетип, акыры минтип беш мүчөл жашап, аксакал болдук. 

© Фото / из семейного архива Абдыкерима МуратоваАта-энем менен
Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов  - Sputnik Кыргызстан
Ата-энем менен

Эрезеге жеткирген энелерим

Акчолпон апам сулуунун сулуусу болчу. Жүздөн өткөндө да ошол сулуулугу байкалып турчу. Маткалык деген акаси үйлөнбөй кетип, согушта набыт болот. Анан кайсыл бир жылы мектепте военрук Үсөн агай далиске согушта каза болгондордун тизмесин илиптир. Энем неберелерден сурайт, "Тизмеде Абдырахманов Маткалык деген бар бекен" деп. "Жок" дешет. "Маткалык Абдырахманов барбы" дейт. "Жок" дешет. Башкалардан сурайт. "Жок" дешет. Өзү кат билбейт. Анан эле толуп-ташып, ыйлап, мектепке кирип келиптир, "имнеге менин Маткалык акам жок" деп… "Баласы да жок болсо… ", "Согуштан келбесе…", "Эми силер да тизмеге жазбасаңар… " Муну Үсөн агай мага бир элестүү кылып, адам ыйлай тургандай кылып айтып берди кийин…

Ырчы Роза Шакированын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Роза Шакирова айылга кат жазды. Ата-эне сагынычы, тынчтык бербеген ойлор
Чоң энемдин көптөгөн элестери мен үчүн Көк-Дөө менен, айылдыктар айткандай, Көк-Дөбө менен аралашып кетет. Айылыбыздын үстүндөгү ат-эшек менен, анан жөө деле жетип барчу ал жайлоонун бир конушуна беш кемпир чыгуучу. Анын бири — менин энем. Азыр эми Беш-Кемпир аталып калган ошол конушта энем бизди табиятты сүйүүгө, коргоого, аяр мамиле кылууга, эмгектенүүгө үйрөттү. Биздин чатырыбыз жөнөкөй, эскирээк боло турган, атам да кенебес, уста эмес, "боло береттерден", бышыктабайт, анан шамалдарда, чагылгандуу нөшөрлөрдө, "чатырдын жыгачтарын кармагыла" дейт, Адиш үкам экөөбүз кичине балдар болсок да, колубуздан эч нерсе келбесе да, шамал учуруп кетчү чатырды кармап калардай, түркүктөрүнө, боолоруна жабышабыз. Энем болсо, тынымсыз "кудайлайт". Туман күндөрү бизди чатырдан чыгарбайт, "азыткы адаштырып кетет" дейт, анан азыткылар тууралуу айтып кирет. Күн ачыкта отунга жөнөтөт, куураган караганды кантип тээп сындырып, кантип тартып алып, кантип таңып, кантип сүйрөп келүүнү көрсөтөт. Суу алганы булакка барабыз, булактын көзүн тазалайбыз да, анын бетин жаап турабыз, тоонун бийик жерине чыгып, талааны, биз айлыбыз жакты ошентип айтчубуз, карайбыз, тамекинин чабыгы, тизимдеги жарышы бүтүп ата-энебиз качан келет деп жол карайбыз… Келген-кеткендердин кебин тыңшайбыз…

"Сунулган баш… Суурулган кылыч" деген тарыхый романым "Энем Акчолпонго багышталат", анда мындай диалогду эпиграф сыяктуу киргизгем:

"-Апа, силер кичине убагыңарда "кызылдардан" коркчу белеңер, же "басмачыларданбы"?

— Кызылдарды "төртүнчүлөр" дейт элек, олор келатса да коркот элек, "басмачы" дегендери келатса да коркот элек. Бизди, майда кыздарды, жүк менен кошо ороп жийип койчу, же жаман кийинтип койлордун арасына киргизип ийчү. Экөө тең эле келсе талап-тоноп кетчү. Эми ал бир замандар эле да. О күндөр түк кайтып келбесин! "

Ушундан эле энемдин менин калыптануудагы ордун билсеңер болот.

Энем аябай тууганчыл эле, үйгө келген туугандары жатпай кетчү эмес, өзү да туугандарга барып жатып келчү. Ошондо баягы Чаткалдан үйлөнүп келген Беки таятасынын балдарынан тараган Ашир тагасынан, Жума тагасынан өсүп-өнгөн балдарга өзгөчө кароо эле. 

© Фото / из семейного архива Абдыкерима МуратоваАта-бала Ата-Бейитте
Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов  - Sputnik Кыргызстан
Ата-бала Ата-Бейитте

Энемдин эске тутуусу компьютер болучу

Энемдин эске тутуусу ушунчалык таң каларлык болгону үчүнбү, келгендердин баары эле өз ата-бабасын, тууган-уругун тактап кирет, энем баарын айтып берет, а түгүл жакында эле, өлөр алдында, жүздөн эбак өткөнүндө кайсыл небересинин балдарынын аттары ким экенин, кимиси кайсыл мезгилде туулганын айтып баарыбызды таң калтырчу. "Менин метиркемдеги туулган айым 17-май" десем, "имнени айтасың, сен күздө, мака кайрымда туулгансың" деп коёр эле.

Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Нуржигит Кадырбековдун айылга каты. Нанга жетпей томсоргон күндөр, үнү каткан Батма эже
Атам Мекке-Мединага барып, ажылык парзын аткарып келе жатканда, кыштын кычыраган суугу эле, эл топтолуп, "ана келди, мына келди, жакын калды" деп атканда, биз энебиз менен ишибиз жок, энебиз болсо "кетип калып" элдин баарын дүрбөттү. Эмнеге экенин билбейм, жанынан жарым күн чыгарбаган баласы бир айдан ашык "жоголуп кетип", кайрылып келгенгеби, "ажы болду деген кубанычкабы", билбейм, жашы жүздү эбак оодарган энем ошондо бир кызык болду. Эсин жоготуп, "өлүп, кайра тирилди". Ошол жашында "кудай мени унутуп калдыбы" деп калчу. Эл бул өлдү, тиги өлдү, "бечара жакшы эле жашады" дешсе, энем сексен ашып кеткен адамга "ии, жаш эле эмес беле" деп бизди күлдүрчү. Неберелери "сиз списокко кирбей калган экенсиз, эми жашай бериңиз" деп тамашага алышар эле.

Өмүр соңунда дагы тиш чыгып, башка дүйнөнүн адамы сыяктуу болуп калды. Бир жолу студент кызым Айпери менен барсак, чай ичип отурсак эле, энем: "Айпари, анабу кыздар менен ойносоң, бир жакшына кыздар экен" деп ийсе болобу, Бишкекте домдон чыкпаган кызым коркуп ордунан тура калып, менин жаныма качты, берки айылдагы неберелери "энемдин периштелери дагы келди" деп күлүп калышты. 

© Фото / из семейного архива Абдыкерима МуратоваЖаңы үй жентеги. 2016-жыл
Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов  - Sputnik Кыргызстан
Жаңы үй жентеги. 2016-жыл

"Апам урушат" деп айылга кетип калган атам …

Менин элүү жылдыгымда атам Бишкекке келип, ресторанда сый бүтөрү менен эле, "кетемге" түштү, тез эле кетип да калды, досторум аяш атабызды чайга чакырмак элек, эмнеге кетип калды дешсе, "апам урушат" деп кетип калды десек, баары күлүшөт, сексенге барып калган абышканы да апасы урушабы деп. Чын эле ушундай эле – эне менен бала ушунчалык жакын болчу. Апам Ибадат да акыркы керээз сөзүндө атама айткан экен, "эми апаңызды карап, апаңыздын жанында жатыңыз" деп. Балким, апам ошондо, Үңкүр-Маңкүр жанын сурап келгенде эне-бала ынтымагынан улам ушуну айткандыр…

Акыры жан алгыч энемди да тааптыр. Унутуп калбайт экен. Эки миң он экинин акыркы күндөрүндө мага – Бишкекке кабар келди, "азыр энең үзүлдү" дешти, тамашалап "эми сиз өлбөй калдыңыз, жаналгычтар унутуп калды" деп жүргөн менен ичим ачышты, баарынан да дагы эки күн турганда жаңы жылдын – жүз он үчүнчү жылдын чайын ичет эле деп арман кылдым. Чыныгы туулган жылын ким билет, документинде миң тогуз жүзүнчү жылкы болчу. Ошондо он сегизинчи кылымдан бир жыл, жыйырманчы кылым толук, жыйырма биринчи кылымда он эки жыл жашады, кургур энем.

Акын Зайырбек Ажыматов - Sputnik Кыргызстан
Акын Зайырбек Ажыматов айылга кат жазып, таенесин, бала чактын өксүктөрүн эстеди
85-жылдары биз Фрунзеге көчүп келдик. Энем да келгиси келчү, "балдарыңды багып отурайын" деп калчу, бирөөнүн тар батиринде жашасак да, тобокел, бир алып келели деп да калдык. "Энеңди өлтүрүп аласың, энеңдин өлүгүн алып келесиңби" дешти жактырбагандар. Чын эле деп өзүм да коркуп калдым, ар нерсени шылтоолоп, "сиздин паспортуңуз жок да" десек, "машина менен бара берем" дейт. Келбеди, алып келүүдөн тайсалдадык. Бекер кылыппыз. Энемдин андан кийин да чейрек кылым ичээр суусу бар экен.

Паспорт демекчи, кайсыл бир жылы энем чын эле паспорт аламын деппи, же өкмөт кыйнаппы, айтор, паспортко сүрөткө түшкөнгө эптеп Котур-Булактан Ноокатка келет. Албетте, алып келишет. Сүрөткө түшөт, шарт боюнча жылаңбаш түшүү керек да, анысын да аткарат. "Паланчанчы күнү келип, сүрөтүңөрдү алып кеткиле" дейт. Балдардын бири барса, сүрөтчү бар, сүрөт жок. Тамашалап калышты, "Сиздин сүрөтүңүздү бир кемпир, даяр сүрөт экен деп алып кетип калыптыр" дешип. Чын эле энемдин сүрөтү башка бирөөнүн паспортуна чапталып калдыбы, же балдар паспорт албаштын ылаажысын кылыштыбы, билбейм, айтор, ошондо ошондой окуя болгон.

© Фото / Чынгыз МырзаевСабаалар багында
Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов  - Sputnik Кыргызстан
Сабаалар багында

Бишкектен барсак, энем жатыптыр. Баягыдай эле сулуу бойдон, тирүү эле жаткандай. Кемпирдики таберик деп таянган таяктарын, урунган буюмдарын, бокчосун, сандыктын ичиндегилерди бүт туугандар талап кетиптир. Бизге бош сандык калыптыр. Оо, ал сандык… Энемдин эстелиги. Өлөрүнө жакын калганда да алыс-жууктан келген келин-кыздарга бир нерсе бергиси келсе, сандыгына кол салып, бере турганын адашпай таап чыкчу. Же келинине, кызына айтчу, колуңду сандыктын оң жагынан түбүнө салгын эле, баягында паланча алып келген паландай оромол бар, ошону алып чык дечү да, аны "шуну башыңа салып жүр" деп ырымы кылып дагы бирөөгө берчү… 

Түрк элдеринин жомокторун которуп, китеп кылып, ошол китептин сыртына энемдин сүрөтүн бердим, сүрөттө уулум энемдин алдына фотомонтаж менен сандыкты коюп койду. Китепти "Чоң энемдин алтын сандыгы" деп атадым. Ошол китеп ак жолтой болду, Балдар адабияты боюнча кыргыз өкмөтүнүн сыйлыгына татыктуу болдум. Эмнегедир жолумду энем жана анын сандыгы ачып кеткендей болду. Энем жана сандык…

Певица Каныкей Эралиева - Sputnik Кыргызстан
Каныкей Эралиеванын айылга каты. Ата-эненин жоктолгон тамы, обон чакырган сагыныч
Энемдин ошол сандыгы турат. Балконумда турат. Жок эле дегенде жүз жыл мурда адеми уста жасаган буюм экен. Калитин салып бурай баштасаңыз, жагымдуу бир музыка чыгат… Ошол музыка энемдин ыры да, ыйы да сыяктанат. Энем ошол сандыгын бир жолу да калиттегенин, азыр эми биз угуп жаткан музыканы угузганын көргөн да, уккан да эмеспиз… Билбейм. Ошол жылы сексендин жетисине келген атам да – жалгыз баласы да уккан эмес экен…

Энем ушундай энем эле…

Мен айылга катта көп нерсе жазгым келет жана жазып да жүрөм. Азыркы катым ушул, ушуга канаат кылып тур, туурум, тууган айылым…

Жаңылыктар түрмөгү
0