Мэрия Чүй проспектисиндеги жолдун кайрадан оңдолушуна түшүндүрмө берди

Жазылуу
Интерент колдонучулар аталган жол былтыр күздө эле ремонттолгонун айтышууда.

БИШКЕК, 22-Май. — Sputnik. Чүй проспектисинин Лермонтовдон Чолпон-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдо асфальттын үстүңкү катмары алынынып жатканын күбө социалдык тармактарга жарыялады.

Интерент колдонучулар ал жолдордун былтыр күздө эле ремонттолуп бүткөнүн айтып, анын үстүңкү катмары алынып жатканына нааразы болуп суроо салган.

Бул боюнча мэрия жол оңдоодо кетирилген мүчүлүштүктөрдөн улам кайра ремонттолуп жатканын айтып жооп берди. Маалыматка ылайык, жол мекеменин эсебинен оңдолуп жатат.

Ремонт иштеринин качан аягына чыгары азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0