Атамбаевдин ырына тартылган жаңы клип интернетке чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган клипти режиссер Мирлан Саткымбаев президенттин былтыр чыгарган ырына тарткан.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Интернетте президент Алмазбек Атамбаевдин ырына тартылган "Я вас люблю" деген аталышта клип пайда болду.

Видеоролик Toptash студиясынын YouTube сайтындагы баракчасына жарыяланган. 

Президент Атамбаевдин "Я вас люблю" ("Нелепые слова") ыры былтыр жазылган. Анда өлкө башчысы жаш режиссер Мирлан Саткымбаевге Кыргызстандын жаштары тууралуу видеоматериалдардын негизинде бир катар видеороликтерди тартууга уруксат берген.

Эми Саткымбаев Атамбаевдин ырына тартылган жаңы клипти сунуштады.

Атамбаевдин аткаруусундагы "Энекем" аттуу ыры энелердин майрамы алдында жарык көргөн. Кыргызстанда быйыл 21-майда энелер күнү майрамдалды.

Буга чейин өлкө башчынын "Я не могу без тебя жить", "Судьбе назло", "Мне не страшно умирать", "Нелепые слова", "Кыргызстаным" жана "Энекем" ырлары жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0