Акысыз кызмат көрсөтүү: бекер той өткөрүп, берекесин арттырабыз

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЦеремония массового бракосочетания 50 молодежных пар
Церемония массового бракосочетания 50 молодежных пар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аш-тойлордогу ыксыз чыгымдарды кыскартуу максатында "Кыргыздар" эл аралык ассоциациясынын "Эконом kg" долбоору түзүлдү. Алар тойдо кортеж, сүрөт, видео, тамадага чейин бекер кызмат кылат. Жада калса фонограмма менен ырдагандарды жакын жолотпой, жандуу үн менен обон созушат.

Бул кызматтардын жол-жобосу туурасында долбоордун жетекчиси Эрлан Жыргалбек уулу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маектешти. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Эконом kg" долбоорунун жетекчиси Эрлан Жыргалбек уулу: бир айдын ичинде төрт той тейледик. Видео, фото, тамада, ырчылардан сырткары оюн-зоокторго да белектерди өзүбүз алып барабыз
Руководитель проекта Эконом kg Эрлан Жыргалбек уулу - Sputnik Кыргызстан
"Эконом kg" долбоорунун жетекчиси Эрлан Жыргалбек уулу: бир айдын ичинде төрт той тейледик. Видео, фото, тамада, ырчылардан сырткары оюн-зоокторго да белектерди өзүбүз алып барабыз

— Алгач "Эконом kg" долбоору туурасында маалымат берип кетсеңиз?

— Учурда "эл эмне дейт" деген куру намыс менен насыя алып болсо да күпүлдөтүп той берип, эртеси карызынан кутулуу үчүн чет өлкөгө иштеп кеткен жаштар четинен чыгат. Бул долбоор тойдогу ысырапкорчулукту жоюу максатында түзүлгөн. Муну эл да жакшы кабыл алып жатат. Бир айдын ичинде төрт той тейледик. Видео, фото, тамада, ырчылардан сырткары оюн-зоокторго да белектерди өзүбүз алып барабыз.

— Бул үчүн той ээлерине кандай шарт коёсуздар?

— Эң негизгиси тойго келген коноктордун саны 150дөн ашпашы зарыл. Спирт ичимдиктери коюлбашы шарт. Дасторконго тамак-ашты ашыкча эле жайната бербей эки түрдүү ысык тамак берүү менен чектелүү керек. Үйлөнгөн жаштар кортежди төрт унаадан ашырбайм десе аны да камсыздап беребиз.

— Мындай шарттарды эл кандай кабыл алып жатат?

— Биздин тойлорду көрүп колдоого алгандар аябай көп. Келген коноктор "ушунтип эле кыргызча той өткөрсө болот экен го" деп ыраазычылыгын айтып жатышат. Жарыя бергенден тартып 70 адам кайрылды. Анын ичинен 35и шарттары туура келбегенин айтып баш тартса, калганы 9-сентябрга чейин буюртма берип койду. Курамыбыздагы 30дан ашуун адам бар. Азырынча Бишкек, Чүй аймактарында гана кызмат кылып жатабыз. Алдыда өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу планыбыз бар. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Эконом kg" долбоорунун жетекчиси Эрлан Жыргалбек уулу: келген коноктор "ушунтип эле кыргызча той өткөрсө болот экен го" деп ыраазычылыгын айтып жатышат
Руководитель проекта Эконом kg Эрлан Жыргалбек уулу - Sputnik Кыргызстан
"Эконом kg" долбоорунун жетекчиси Эрлан Жыргалбек уулу: келген коноктор "ушунтип эле кыргызча той өткөрсө болот экен го" деп ыраазычылыгын айтып жатышат

— Кыргызча той деп калдыңыз, кандай программа менен өткөрөсүздөр?

— Айрым тамадалар жаш-карысына карабай адаттан тыш оюндарды ойнотуп жатпайбы. Биздин тойдо коноктордун абийир-намысы тебеленбейт, бирөөнүн аялы менен бирөө бийлеп кетпейт. Көңүл ачуучу оюн-зооктор менен гана өтүп, коноктор ортого чыгып бийлебейт. Анан да ырчылар фонограммасы жок жандуу үн менен ырдашат. Тарбия бере турган салттык маанидеги оюндарды ойнотобуз. Арак-шарап коюлбайт десе "халал же арабча той" деп ойлошот экен. Биздин той кыргыз салттарынын негизинде болорун баса белгилеп кетүү керек.

— Мисалы кандай оюндар?

Келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онлайн үйлөнүү, музыкасыз куда күтүү — бишкектиктерди таң калтырган беш үлпөт той
— "Үлгүлүү үй-бүлө" деген оюнда төрт-беш байкебиз жубайларын алып чыгып эркелетип тамак жедирет. Соңунда "үйдө да ушинтип эркелетеби?" деп сураганыбызда "өмүрүмдө биринчи жолу жолдошумдан ушундай сөз угуп, тамак жеп жатам" деген жооп да угуп калабыз. Интерактивдик суроолордон "эмне үчүн коноктор келгенде оң тарабынан, кетээрде сол тарабынан баштап колго суу куят?" деп сурасак көбү билбейт экен. Акыры бирөө "аксакалдар оң жагында отургандыктан биринчи куюлат, ал эми кетээрде сол жагынан баштаганынын себеби жаштар эрте колун жууп чыгып, улуулардын аттарын даярдап турушу керек болгон" деп туура жооп айтты. Жаш балдардан да "Курманжан датка, Боромбай бий, Ормон ханды тааныйсыңбы?" деп сурап ойнотобуз. Белектерге тарыхый, адабий жана адеп-ахлак тууралуу китептерди беребиз.

— Биз билбеген дагы кандай өзгөчөлүктөр бар?

— Ар бир ата-эне баламдын тоюн көрөйүн деп тилек кылат эмеспи. Анан карасаң эле чай ташып же башка иштерди жасап жүргөн болот. Ушуну эске алып той ээлери менен сүйлөшүп ата-энелерин төргө отургуздук. Күйөө бала келинчегин досторунун жанына отургузуп коюп өзү кызмат кылып жүрдү. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Эконом kg" долбоорунун жетекчиси Эрлан Жыргалбек уулу: үйлөнүү, жентек, үй той жана куда тосуу жөрөлгөсүндө кызмат кылабыз. Эгер минтип чектебесек кээ бирлер 15 адамдык шеринеге да чакырып ийишет экен
Руководитель проекта Эконом kg Эрлан Жыргалбек уулу - Sputnik Кыргызстан
"Эконом kg" долбоорунун жетекчиси Эрлан Жыргалбек уулу: үйлөнүү, жентек, үй той жана куда тосуу жөрөлгөсүндө кызмат кылабыз. Эгер минтип чектебесек кээ бирлер 15 адамдык шеринеге да чакырып ийишет экен

— Кыргызда тойдун түрлөрү көп эмеспи. Баарына эле кызмат көрсөтө бересиздерби?

— Жок. Үйлөнүү, жентек, үй той жана куда тосуу жөрөлгөсүндө кызмат кылабыз. Эгер минтип чектебесек кээ бирлер 15 адамдык шеринеге да чакырып ийишет экен.

— Баары эле акысыз болсо, өзүңүздөр каражат булагын кайдан аласыздар?

— Кыргыздар эл аралык ассоциациясынын директору Нурмухамбет Миңбаев каржылык жактан колдоо көрсөтүп, музыкалык аппаратураларды алып берип, жолго кеткен чыгымдарды төлөп берет. Мында иштегендер жасаган кызматы үчүн эч кимден акча сурабай, ыктыярчы катары иштейт. Ар кимдин өзүнүн негизги жумушу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0