Кыргызстандык эки окуучу математика боюнча Азия олимпиадасынан коло медаль утту

© Фото / пресс-служба МОиН КРКыргызстандык окуучулар математика боюнча өткөн Азия олимпиадасында коло медалга ээ болушту
Кыргызстандык окуучулар математика боюнча өткөн Азия олимпиадасында коло медалга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыңкы орунга жетишкен окуучулар ушул жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган эл аралык олимпиадага катышат.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар математика боюнча өткөн Азия олимпиадасында коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган олимпиадага Кыргызстан 2007-жылдан бери катышып келет. Бул жылы өлкө атынан жети окуучу барган.

"Бишкектеги "Сапат" лицейинин 11-классында окуган Саадинур Азисбек уулу жана Караколдогу "Сапат" лицейинин 10-классынын окуучусу Дослан Жекшеев үчүнчү орунга жетишти. Саадинур күмүш медалга бир гана упай жетпей калды", — деп жазылат маалыматта.

Алдыңкы орунга жетишкен окуучулар ушул жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган эл аралык олимпиадага катышат.

Математика боюнча Азия олимпиадасы 1989-жылдан бери жыл сайын өтүп келет. Ага катышкан өлкөлөрдүн саны быйыл 41ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0