Мэрия шаардагы оңдолгон жолдордон жаракаларды тапты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен подрядчик компанияга аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттүн ичинде жоюп, курулуш таштандыларын тазалоо тапшырылган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы оңдолгон жолдордун сапатын текшерет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгы "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы, райондук администрациялар менен биргеликте 2016-жылы оңдолгон көчөлөрдүн сапатын текшерүү үчүн жеринен таанышышты.

Анда жолдо кеткен жарака, жердин чөгүп кетиши, тегиз эместиги сыяктуу бир катар катачылыктар табылган. Ошондой эле кудуктардын оозунун айланасы туура эмес асфальттанганы өңдүү бир нече эреже бузуулар аныкталган.

В Бишкеке водители автомобилей переобувают своих железных коней - Sputnik Кыргызстан
Унаасынын дөңгөлөгү жарылган бишкектик тургун чыгымын мэриядан өндүрүп алды
2016-жылы "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына 44 жолду жана тротуарларды оңдоо үчүн шаардык бюджеттен 600 миллион сом бөлүнгөн. Пландалган иштер 2016-жылдын сентябрына карата бүткөрүлүп, бюджеттен бөлүнгөн каражаттан 158 миллион 684 миң сом үнөмдөлгөн. Бул каражатка Бишкектеги дагы 17 көчө оңдолгон. Бул иштердин айрымдары курулуш сезону аяктап калганда башталгандыктан 2017-жылга калган.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасы менен подрядчик уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, эгер оңдоо иштеринен кийин жолдо техникалык нормалардын бузулушу аныкталса аны подрядчик өзүнүн акчасына калыбына келтирет.

Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен подрядчик компанияга аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттүн ичинде жоюп, курулуш таштандыларын тазалоо тапшырылган.

2017-жылы Бишкектеги 51 көчөнү оңдоо каралган. Бул максатта атайын техникалар сатып алынып, жеке эки асфальт-бетон заводу иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0