Кайыңды жаңы конушунун тургундарына газ берилди

© AFP / DAMIEN MEYERГазовая плита и спички
Газовая плита и спички - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы конушка газ берүү үчүн да алты чакырымдык газ түтүктөрү орнотулуп, ага 16,8 миллион сом сарпталган.

БИШКЕК, 23-май. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Кайыңды жаңы конушунун 1000ден ашык тургунуна газ берилди. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймакка алты чакырым болгон газ түтүктөрү орнотулуп, 23-майда 1100 тургун көгүлтүр от камсыздалды. Аталган курулуш иштерине 16,8 миллион сом сарпталып, газ бөлүштүрүү пункту колдонууга берилди.

"Газпром Кыргызстан" ишканасына жыл соңуна чейин Бишкек шаары менен Чүй облусундагы калк жашаган 15 аймакка газ берүүнү пландоодо. Анын аркасы менен 20 миңден ашык үй газ менен камсыздалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0