Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева

Кан борборунун жетекчи орун басары: кандын төрт эмес, сегиз тобу бар

1445
(жаңыланган 15:32 24.05.2017)
Кырсык менен оору айтпай келет. Өлүм алдында жаткан адамга жардам берүүнүн жолу ар түрдүү. Маселен, сенин тамырыңда айланып жаткан кан башка бирөөнүн жүрөгүнө жетиши мүмкүн. Донорлуктун жол-жобосу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

55 жаштагы Баястан Курсанов бир нече жылдан бери муктаждарга кан берип донорлукту аркалап келет. Башкалардай болуп бети-башын катпай эле сүйлөп берип, кан берүүнү милдет жана сыймык деп эсептей турганын айтты.

"Муктаждарга кан берүү жеке адамдын ден соолугуна да пайдалуу. Кан тапшыргандан кийин өзүмдү сергек сезип калам. Бул жолу неберемдин кан басымы көтөрүлүп бейтапканага жатып калгандыктан кан берейин деп келдим" — деди.

Бирок каалоосу күч адам эле кан тапшыра бербейт. Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиеванын айтымында, кан берем дегендерди алгач паспорт же аскердик күбөлүк аркылуу каттап, буга чейин тапшырып жүргөндөрдү идентификациялашат. Кан берүүнүн алдында бир катар суроо менен анкета толтурушат. Анан жарандар убактылуу донор боло алат же таптакыр боло албайт деген жыйынтыкка келиш үчүн медициналык кароодон өткөрүшөт.

"Жаш курагы 18-60 жашка чейинки ден-соолугу таза жарандар донор боло алат. Алты ай ичинде кандайдыр бир ооруларга чалдыккан жокпу, эки күн ичинде ичимдик ичкен эмеспи, дары-дармек, майлуу тамак жеген жокпу, дене табы тууралуу суроолорго анкета толтурушат. Тишин жулдуруп келгендер, вакцина алгандар, кош бойлуулар, бала эмизгендер, ичип келгендердин канын албайбыз. Вирустук гепатит, сифилис, ВИЧ, бруцеллез, кургак учук менен ооруган жарандар таптакыр донор боло алышпайт", — деди Сатыбалдиева.

  • Кан берем дегендердин салмагы 50 килограммдан жогору болушу керек
    Кан берем дегендердин салмагы 50 килограммдан жогору болушу керек
    © Sputnik / Гулдана Талантбекова
  • Бир кишиден 450-500 граммдан ашык кан алынбайт, бул физиологиялык өлчөм деп аталат. Эркек киши жылына 3-4 жолу, аял киши менструалдык циклден улам 2-3 жолу кан тапшырса болот
    Бир кишиден 450-500 граммдан ашык кан алынбайт, бул физиологиялык өлчөм деп аталат. Эркек киши жылына 3-4 жолу, аял киши менструалдык циклден улам 2-3 жолу кан тапшырса болот
    © Sputnik / Гулдана Талантбекова
  • Статистика боюнча 2016-жылы 42 миң донор кан тапшырса, анын 22 миңин Республикалык кан борбору даярдаган.
    Статистика боюнча 2016-жылы 42 миң донор кан тапшырса, анын 22 миңин Республикалык кан борбору даярдаган.
    © Фото / Гулдана Талантбекова
1 / 3
© Sputnik / Гулдана Талантбекова
Кан берем дегендердин салмагы 50 килограммдан жогору болушу керек

Медициналык кароодон өткөндөн кийин кандын курамын текшерип, компоненттерин даярдап, канга муктаж болгон жарандарга жиберишет. Жөн гана жиберип койбостон, ооруканаларда кандардын пайдаланылышын, куюу стандарттарын көзөмөлдөп турушат.

Кан берем дегендердин салмагы 50 килограммдан жогору болушу керек. Бир кишиден 450-500 граммдан ашык кан алынбайт, бул физиологиялык өлчөм деп аталат. Эркек киши жылына 3-4 жолу, аял киши менструалдык циклден улам 2-3 жолу кан тапшырса болот.

Канды кайрадан кеминде эки айдан кийин гана тапшыруу шарт. Анткени бул убакыт аралыгында бардык клеткалар өз калыбына келет. Алынган кандар атайын муздаткычтарда сакталат. Кызыл клеткалуу эритроциттер республикалык борбордо +2…+8 температурасында бир ай сакталса, тундурма плазмасы 6 айдан 3 жылга чейин кармалат. Тромбоцит 22 градус жылуулукта беш эле күн сакталат. Кандарды атайын термоконтейнер менен бейтапканаларга алып кетишет.

"Учурда кан тапшыруу борборунда канды 42 күнгө чейин сактай турчу консерванттар бар. Мурун 21 күн гана сакталчу. Кан тапшырам дегендер кооптонбой эле койсо болот. Себеби ар бир донорго колдонулуучу кан баштыктары, аспаптар бир ирет гана пайдаланылат", — деди Сатыбалдиева.

Кырсык каш-кабактын ортосунда болуп, канга муктаж болгондор күн-түн, жаз-күз дебей жардам күтүшөт. Дал ушул жай мезгили кан тапшыруу борборлору үчүн кандын жетишсиздигин пайда кылат. Адистер бул учурда активдүү донорлорду чакырып, көчмө топ менен чыгып, кандын запасын кармап туруу үчүн бир катар аракеттерди көрүшөт.

Заместитель директора республиканского центра крови в Бишкеке Айганыш Сатыбалдиева в рабочем кабинете
© Sputnik / Гулдана Талантбекова
Айганыш Сатыбалдиева: кан тапшырган кишинин зат алмашуу системасы жакшы иштеп, табит ачылып, уйку жакшырып, өзүң тааныбаган адамга жардам берүү моралдык жактан терең бир сезимди, патриоттуулукту, гумандуулукту тартуулайт. Чынында кан берүү — баатырдык

Республикалык борбордун директорунун орун басарынын айтымында, негизи кандын сегиз тобу бар.

"Биз анын төрт тобун гана айтып жүрөбүз. Ал кандар оң жана терс болуп экиге бөлүнөт. Бизде терс кандар сейрек кездешкендиктен дайыма топтоп турганга аракет кылабыз. Бир жаранга терс кан керек болгондо бир нече доза куюлуп кандын дефицити пайда болот. Бизде кандын дефицити орозо, каникул, эмгек өргүүсү маалында, жай мезгилинде курч болот", — деп түшүнүдүрүп берди Сатыбалдиева.

Статистика боюнча 2016-жылы 42 миң донор кан тапшырса, анын 22 миңин Республикалык кан борбору даярдаган. Калганы өлкөнүн башка аймактарынан тапшырылган. Кан донорлоруна анча чоң эмес өлчөмдө акча төлөнүп берилет.

"Донор жөнүндө мыйзамда акы төлөнүүчү донорлорго 300 сом, өз ыктыяры менен келген донорлорго 100 сомдон берилет. Ал акча кеткен каллориясын толуктап алууга жумшалышы шарт. Кан тапшыраарга чукул чай, шоколад, печенье беребиз. Кан тапшырган кишинин зат алмашуу системасы жакшы иштеп, табит ачылып, уйку жакшырып, өзүң тааныбаган адамга жардам берүү моралдык жактан терең бир сезимди, патриоттуулукту, гумандуулукту тартуулайт. Чынында кан берүү — баатырдык", — деди адис.

Эл ичинде кан берген адам жаш көрүнөт, ден-соолугу чың болот деп айтылат. Медицинада кан жана кандын компоненттери улуттук байлыктын бир түрү катары каралат.

1445
Белгилер:
кан, ден соолук, донор, медицина, Айганыш Сатыбалдиева
Тема боюнча
Дарыгер Болот Иманов: ашказан, ичеги ооруларына жаштар көп кабылууда
Миталип Мамытов: мээсине арматура кадалып, башына айры сайылып келгендер жашап жүрөт
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

Кыргыз тарап Россияга "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуштады

42
(жаңыланган 22:31 23.01.2021)
КРдин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.

Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.

Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.

Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.

42
Белгилер:
жолугушуу, сунуш, өндүрүүчү, вакцина, коронавирус, Спутник V, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"ЭпиВакКоронадан" эмне күтүүгө болот? COVID-19га каршы вакцина тууралуу кеп
Венгрия Россиядан 2 миллион доза "Спутник V" вакцинасын алып жатат. Видео
Карды тартып аткан адамдар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

46
24-январга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.

Бишкекте жана Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.

46
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди
Санкт-Петербургдагы макулдашылбаган акциялар

Россиядагы макулдашылбаган акциялардын урунттуу учурлары

0
(жаңыланган 23:14 23.01.2021)
Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.

РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.

Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.

Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.

Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады

Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.

Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.

Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.

Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.

АКШ элчилигинин маалыматы жана Россия ТИМинин реакциясы

Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.

РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.

Бийликтин эскертүүсү

Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен. Иш-чара провокация катары бааланары белгиленген. Муну менен катар Башкы прокуратура интернетке тарап жаткан митингге катышуу чакырыктарын өчүрүү талабын койду (буга мыйзам менен дагы тыюу салынган). РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков акцияга провокаторлор чакырып жатканын билдирип, алардын максаты баарына белгилүү экенин белгиледи.

Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.

0
Белгилер:
полиция, бийлик, акция, Россия
Тема боюнча
Москвада полиция макулдашылбаган акцияга чыккандарды кармай баштады
Токсиколог Александр Сабаев: Навальныйдын ууланганы такталган жок