Жарыктандыруу. Архив

Лейлек: мектепти мындан 10 жыл мурда аяктагандар чоң жолго прожекторлорду орнотушууда

645
(жаңыланган 20:28 24.05.2017)
Демилгечилер айылдагы чоң жол мурда түн ичинде көөдөй караңгы болуп жергиликтүү эл эле эмес, ары-бери каттагандарга да бир топ машакаттуу болгонун айтты.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Лейлек районунун Кара-Булак айылындагы мектепти аяктаганына 10 жыл болгон бүтүрүүчүлөр 200 миң сом топтоп, айыл аркылуу өткөн Ош — Баткен — Исфана чоң жолунун боюна жарык берүүчү чырактарды орнотууда. Бул туурасында демилгечилердин бири Кенжебек Райымкул уулу аймактык кабарчыга айтып берди.

"Биз Кара-Булак айылындагы 19 бала мектепти аяктаганыбыздын 10 жылдык урматына демилге көтөрүп, 10 миң сомдон чогултуп айылдагы борбордук көчөгө чырактарды орнотууну чечтик", — деди ал.

© Sputnik / Улан Маккамбаев
Лейлек: мектепти мындан 10 жыл мурда аяктагандар чоң жолго прожекторлорду орнотушууда

Жаштардын аракетин айыл эли, аксакалдар дагы кубаттап колдоого алышкан.

Райымкул уулу айылдагы чоң жол мурда түн ичинде көөдөй караңгы болуп жергиликтүү эл эле эмес, ары-бери каттагандарга да бир топ машакат жаратканын айтты. Ал эми Кара-Булак айылынын башчысы Рахманберди Ормонов он жылдык бүтүрүүчүлөрдүн мындай демилгесин башка жаштарда улантып кетсе жакшы болмок эле деген пикирин билдирди.

"Кара-Булак айылында эки миңден ашуун эл бар, айылдын ички жолдору да көптөгөн жылдардан бери каралбай калган. Андыктан ушундай демилгелүү жаштардан үлгү алып кийинки муундар дагы туулуп өскөн айылынын көйгөйүн чечүүгө жардам берсе жакшы болор эле", — дейт айыл башчы Ормонов.

Ал буга чейин айылда мындай иштер болбогонун, адатта билим уясын бүтүрүп кетип 10, 20 жылдыгын белгилегендер мектепке белек-бечкек тартуулап, спорттук оюндарды өткөрүп жүрсө, эми социалдык көйгөйлөрдү чечип жаткандыгын кошумчалады.

645
Белгилер:
прожектор, бүтүрүүчү, Лейлек
Тема боюнча
Чиедей үч баласы менен калган жалгыз бой энеге 6 бөлмөлүү үй курулуп жатат
Элеттиктердин элге жасаган иштери: көчөт тигип үй куруп бергенге чейин
Оштун дүкөндөрүндө жардамга муктаждар үчүн текче ачылды