Атамбаев шал оорусунан жабыркаган балдарга коляска алуу үчүн 3 млн. сом бөлдү

© Фото / пресс-служба Минсоцразвития КРШал оорусунан жабыркаган балдарга коляска сатып алынарын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди
Шал оорусунан жабыркаган балдарга коляска сатып алынарын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын ата-энелери кандай коляскалар ыңгайлуу экенин көрсөтүп беришти.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Шал оорусунан жабыркаган балдарга коляска сатып алынарын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тендерге катышкан фирмалар шаршемби күнү коляскалардын үлгүлөрүн алып келип көрсөткөн. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоочу мекеменин директору Утан Жунушовдун айтымында, ата-энелерге кайсы коляска ыңгайлуу экенин сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Коляскалар президент Алмазбек Атамбаев тарабынан бөлүнгөн 3 миллион сомго сатып алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0