Чоң-Алайда камсыздандырылган турак жай ээлерине акча берилди

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиЧоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды
Чоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна жер титирөө катталган Жекенди айыл аймагындагы 25 үй катталган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Чоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиЧоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды
Чоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Чоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиМамлекет тарабынан ссуда берүү токтотулгандыгына байланыштуу Камсыздандыруу кызматынын өкүлдөрү турак жайларды камсыздандыруу зарылдыгын эскертет.
Мамлекет тарабынан ссуда берүү токтотулгандыгына байланыштуу Камсыздандыруу кызматынын өкүлдөрү турак жайларды камсыздандыруу зарылдыгын эскертет. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мамлекет тарабынан ссуда берүү токтотулгандыгына байланыштуу Камсыздандыруу кызматынын өкүлдөрү турак жайларды камсыздандыруу зарылдыгын эскертет.
1/2
Чоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды
2/2
Мамлекет тарабынан ссуда берүү токтотулгандыгына байланыштуу Камсыздандыруу кызматынын өкүлдөрү турак жайларды камсыздандыруу зарылдыгын эскертет.

Билдирмеге ылайык, мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна жер титирөө катталган Жекенди айыл аймагындагы 25 үй катталган.

"Кечээ, 24-майда камсыздандырылган үйлөрдүн ар бирине 200 миң сом өлчөмүндө каражаттын сертификаты тапшырылды. Акчалары банк эсебине которулган. Тургундар аны каалаган учурда алып керектүү нерсесине пайдалана алышат", — деп жазылат маалыматта.

Мамлекет тарабынан ссуда берүү токтотулгандыгына байланыштуу Камсыздандыруу кызматынын өкүлдөрү турак жайларды камсыздандыруу зарылдыгын эскертет.

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган - Sputnik Кыргызстан
Камсыздандырбасаң жардам күтпө! Ошто үйсүз калгандар канчага чейин чатырда жашайт?
Мындан сырткары, өкмөттүн тапшырмасынын негизинде Айыл Банк, РСК жана "Компаньон" банктарынын жетекчилери эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алган насыялардын пайызын ыңгайлуу өлчөмдө төмөндөтүү жана мөөнөтүн узартып берүүнү убадалашты.

Эскерте кетсек, 3-майда саат 10:47лер чамасында Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткендин түштүк-чыгышынан 120 чакырым, ал эми Оштун түштүк-батышынан 192 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындай жер титирөө 5-майда болжол менен 11:15де болуп Ошто төрт, Баткенде 2,5-3 баллга жеткен. Анын кесепетинен Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында 523 үй жарактан чыгып, 3000дей тургун чатырларга көчүрүлгөн. Кийинчерээк табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн өкмөт атайын эсеп ачкан

Жаңылыктар түрмөгү
0