Патриарх Кириллдин келишине байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМоскванын жана бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин архивдик сүрөтү
Москванын жана бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын борбордук көчөлөрү жана аэропорттон Бишкекке келчү жолдогу унаа кыймылына убактылуу чектөө коюлат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекке Москванын жана бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин келишине байланыштуу үч күн бою айрым көчөлөр жабыларын ИИМдин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынан билдиришти. 

27-29-май күндөрү төмөндөгү көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет: 

  • "Манас" аэропортунан Бишкекке чейин; 
  • Фучик көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин; 
  • Жибек Жолу проспектиси — Фучиктен Жаш Гвардия бульварына чейин; 
  • Жаш Гвардия проспектиси — Жибек Жолунан Чүйгө чейин; 
  • Чүй проспектиси — Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейин; 
  • Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери — Чүйдөн мамрезиденцияга чейин; 
  • Чүй проспектиси — Манастан Ибраимов көчөсүнө чейин; 
  • Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Ташкент көчөсүнө чейин; 
  • Киев көчөсү — Манастан Ибраимов көчөсүнө чейин; 
  • Масалиев көчөсү (Токомбаев) — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Нуркамал көчөсүнө чейин. 

Патриарх Кирилл иш сапары учурунда өлкө президенти Алмазбек Атамбаев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугат. 

Ошондой эле КРСУда анын кыргыз тилине которулган "Эркиндик жана жоопкерчилик" аттуу китебинин бет ачары болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0