Википедияга күн сайын ондон кыргыз тилиндеги макала чыгып жатат

© SputnikНачальная страница Википедии на Кыргызском языке
Начальная страница Википедии на Кыргызском языке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 25-майында Википедияга жайгаштылыган макалалардын саны 69 091ге жеткен.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Соңку беш айда Википедиянын кыргызча баракчасына кыргыз тилинде жайгаштырылган макалалардын саны 9 миңге чейин өскөнү интернет-энциклопедиянын башкы бетинде айтылат.

Википедия сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда "Википедия" сайты жабылды
Өткөн жылдын 21-декабрында кыргыз тилинде чыккан макалалардын саны 60 034кө жеткен, ал эми үстүбүздөгү жылдын 25-майына карата 69 091ге чейин өскөн. Макалалардын басымдуу бөлүгү Манас жана Айтматов жөнүндө.

Википедия 2010-жылдан тарта кыргыз тилиндеги макалалар менен жигердүү толуктала баштаган. Алгач болгону эки миң макала катталса, 2012-жылдын аягында алардын саны 21 миңге чукулдап барган. Ал эми 2015-жылдын башында 27 миң, соңунда 53 миң макала жайгаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0