10 жылдык: классташтар айылдагы аксакалды кредитке батырбай, там салып беришти

© Фото / Айбек ЖолдошевТоктосун Байбураев атындагы мектепти 2007-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр 60 жаштагы Касымбек Асанакуновго куруп жаткан үй
Токтосун Байбураев атындагы мектепти 2007-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр 60 жаштагы Касымбек Асанакуновго куруп жаткан үй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
300 миң сомдук үйдү айылдашына куруп бергендер байлыгы ашып-ташып кетпеген орто оокаттуу 28 жаштагы жигиттер болуп чыкты.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы мектепти 10 жыл мурда бүткөн жигиттер ижарадан ижарага көчүп-конуп, пайгамбар жашына барып калган айылдашын жаңы үйгө киргизүү алдында турушат. Жакшы иш кылгандар — Токтосун Байбураев атындагы мектепти 2007-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр.

Эмгекчилдеги бул ак пейил адамдарды ушу тапта айылдагы аксакалдардан тарта келиндерге чейин алкап жаткан учур.

© Фото / Айбек ЖолдошевАйылдаш аксакалга үй куруп бергендер байлыгы ашып-ташып кетпеген орто оокаттуу, 30 жашка чыга элек жигиттер болуп чыкты
Постройка дома для пожилого жителя села Эмгекчил Нарынского р-на - Sputnik Кыргызстан
Айылдаш аксакалга үй куруп бергендер байлыгы ашып-ташып кетпеген орто оокаттуу, 30 жашка чыга элек жигиттер болуп чыкты

Үйлүү болгон Касымбек Асанакуновдун жашы 60ка таяп калган. Аксакал буга чейин турмуштун өйдө-ылдыйын тартып, жалгыз уулунан ажырагандыгын Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Айдарбек уулу Тилек айтып берди. Ал Асанакунов неберелери жана байбичеси менен ижарага алган үйдө жашап келгенин кошумчалады.

Айыл өкмөтүнүн жетекчиси аксакалды үйлүү кылган айылдаштары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

Баш-аягы болуп, аталган демилгеге 30дан ашуун бүтүрүүчү катышыптыр.

"Булар айылдагы аксакалдарга, бизге келип кеңешип, "боз үй тигип, жылкы сойсок деле каражат кетет, андан көрө пайдалуу иш кылалы, кандайдыр бир кишилерге жардам берсек деп жатабыз" дешти. Дроо эле колдоого алып, үй маселесин сунаштадык", — деди Тилек мырза.

© Фото / Айбек ЖолдошевНарын районундагы Эмгекчил айылындагы мектепти 10 жыл мурда бүткөн жигиттер ижарадан ижарага көчүп-конуп, пайгамбар жашына барып калган айылдашын жаңы үйгө киргизүү алдында турушат
Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы мектепти 10 жыл мурда бүткөн жигиттер ижарадан ижарага көчүп-конуп, пайгамбар жашына барып калган айылдашын жаңы үйгө киргизүү алдында турушат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы мектепти 10 жыл мурда бүткөн жигиттер ижарадан ижарага көчүп-конуп, пайгамбар жашына барып калган айылдашын жаңы үйгө киргизүү алдында турушат
© Фото / Айбек ЖолдошевЖакшы иш кылгандар — Токтосун Байбураев атындагы мектепти 2007-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр
Жакшы иш кылгандар — Токтосун Байбураев атындагы мектепти 2007-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жакшы иш кылгандар — Токтосун Байбураев атындагы мектепти 2007-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр
© Фото / Айбек ЖолдошевҮйлүү болгон Касымбек Асанакуновдун жашы 60ка таяп калган. Ал неберелери жана байбичеси менен ижарага алган үйдө жашап келгенин кошумчалады.
Үйлүү болгон Касымбек Асанакуновдун жашы 60ка таяп калган. Ал неберелери жана байбичеси менен ижарага алган үйдө жашап келгенин кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Үйлүү болгон Касымбек Асанакуновдун жашы 60ка таяп калган. Ал неберелери жана байбичеси менен ижарага алган үйдө жашап келгенин кошумчалады.
1/3
Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы мектепти 10 жыл мурда бүткөн жигиттер ижарадан ижарага көчүп-конуп, пайгамбар жашына барып калган айылдашын жаңы үйгө киргизүү алдында турушат
2/3
Жакшы иш кылгандар — Токтосун Байбураев атындагы мектепти 2007-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр
3/3
Үйлүү болгон Касымбек Асанакуновдун жашы 60ка таяп калган. Ал неберелери жана байбичеси менен ижарага алган үйдө жашап келгенин кошумчалады.

Үй куруп бергендердин баары орто жашаган жарандар экен

Жакшы саамалыктын баштоочуларынын бири, айылда жашап, дыйканчылык кылган Айбек Жолдошевди кепке тарттык.

Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди - Sputnik Кыргызстан
Кочкор: 20 жылдыктын ак пейил жигиттери оорулуу кишинин бүлөсүнө үй куруп берди
Анын айтымында, балдар үйдү курууга кышында камына баштаптыр. Арзаныраак болот деп тээ ала жазда эле Бишкектен курулуш материалдарын, жыгач-ташын алып келишиптир. Уста жалдабай, үйдүн ар бир мыгын өздөрү кагып, шыбагын да өздөрү тартыптыр.

"Башында үйдүн жерпайы түптөлүп, төрт дубалы туруп калган. Сурасак, аксакал мүмкүнчүлүгү жетпей калгандыктан, курулушту андан ары уланта албай тургандыгын айтты. Балким, кредит алып бүтүрөрмүн деген оюн да жашырган жок. Ал кишини карызга батырбайлы дедик. Курулуш материалдарын даярдап коюп, күндүн жылышын күттүк. Апрелдин соңунда баштап, эми бүттүк. Буюрса, жакынкы күндөрү Касымбек байкени жаңы үйүнө киргизебиз", — деп айтып берди Жолдошев.

© Фото / Айбек ЖолдошевАрзаныраак болот деп тээ ала жазда Бишкектен курулуш материалдарын алып келишиптир. Классташтар уста жалдабай эле үйдүн ар бир мыгын өздөрү кагып, шыбагын өздөрү тартыптыр
Постройка дома для пожилого жителя села Эмгекчил Нарынского р-на - Sputnik Кыргызстан
Арзаныраак болот деп тээ ала жазда Бишкектен курулуш материалдарын алып келишиптир. Классташтар уста жалдабай эле үйдүн ар бир мыгын өздөрү кагып, шыбагын өздөрү тартыптыр

Аны менен сүйлөшө келгенде үй кургандар байлыгы ашып-ташып кетпеген орто оокаттуу 30 жашка чыга элек жигиттер экенин билдик.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылында 10 жылдык жолугушууга келе турган классташтар тарабынан көпүрө салынууда - Sputnik Кыргызстан
Ала-Бука: 10 жылдыктын жигиттери айылына көпүрө салып жатышат
Үйдү бүтүрүүгө 300 миң сомго чукул каражат жумшалыптыр. Айылда, Бишкек шаарында, ары жагы Россияда иштеп жүргөн эмгекчилдик классташтар орточо эсеп менен 15 миң сомдон чогултушуптур.

Айбек курулуш иштери жүрүп жатканда айылдыктар да карап турбай кол кабыш кылып, ал эми бир катарларды иштеп жаткандарга суусундук, тамак-аш жеткирип тургандыгын кошумчалады.

"Бул элди ынтымакка чакырган бир ишарат сыяктуу болду. Улуу байкелер карап турбай, алар да келип жардам кылышты. Көчөдө кетип баратсаң, аксакалдар алкап, бата берсе жагымдуу болот экен. Айылыбызда жок дегенде бир адамдын болсо да жашоосу жакшырсын, андан сырткары, кийинки муун бизди көрүп башкаларга жакшылык жасасын деген максат болду", — деп айтып берди Айбек мырза.

Ошентип Нарындын Эмгекчил айылында ушуга чейин батирден батирге көчүп жашап келген Касымбек Асанакуновдун үй-бүлөсү, жээндери баш-аягы 5-6 киши ак пейил кишилердин шарапаты менен үйлүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0